10-январдан тарта Украина Орусиядан келчү шоколад, сыра, айбанаттар жеми жана башка бир катар товарларга тыюу салды. Буга чейин Орусия Украина менен эркин соода жүгүртүү келишимин жокко чыгарып, украин азык-түлүгүнө эмбарго киргизген болчу.
Украинанын өкмөтү 2-январда өлкөгө киргизүүгө тыюу салына турган орусиялык азык-түлүктүн тизмесин бекиткен. Ага бардыгы болуп 43 азык-түлүк товары киргизилген. Анда малдын, канаттуулардын эттери, быштак, балык, арак жана тамеки сыяктуу Орусияда өндүрүлгөн азык-түлүк товарлары бар.
Буга чейин Украина Евробиримдик менен эркин соода жүгүртүү келишимине кошулгандыктан Орусия украин товарларына чектөө киргизген болчу. Эки ортодогу мамиленин кескин начарлашынан улам 2015-жылдын январь айынан бери соода жүгүртүү 63 пайызга төмөндөп кеткен.