Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:17

Ирактагы аскер базасына кол салууда 15 аскер мерт болду


Чабуулду уюштурганы боюнча жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өз мойнуна алды. Чабуулда 15 аскер кызматкеринин өмүрү кыйылып, 22си жараат алды. Терактты беш жанкечти уюштуруп, экөө унаадагы жардыргычты Camp Speicher аскер базасынын дарбазасынын алдында иштеткен. Калган үч жанкечти бомбаны базанын аймагынын ичине кирип барып, Ирак полициясынын машыгуулары өтүп жаткан жерде жардырган.

Бир нече күн мурун Ирак бийлиги Рамади шаарын исламчылардан бошотконун жарыялаган. Рамади 2015-жылдын жай мезгилинен бери террорчулардын курчоосунда болгон. (SDz)

XS
SM
MD
LG