Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Апта: Коопсуздукка "шек" жараткан чучук чуусу жана орус телеканалдары


Орус президенти Владимир Путин журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.
Орус президенти Владимир Путин журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.

Быйыл өкмөт майрамдык эс алууга чыкпай, дароо ишке киришебиз дегени менен, жаңы жылдын алгачкы аптасында Кыргызстанда саясий орчундуу окуялар деле болгон жок.

Куралга байланыштуу мыйзам долбоорун караганы болбосо, Жогорку Кеңештин деле дымы чыккан жок.

Анткен менен айрым бир кабарлар коомчулукту зериктирбегенин да айта кетели: чучук чуусу, электр жарыгы үчүн акчасын төлөбөгөн капчыктуулардын аттарынын аталышы, орусиялык телеканалдарга өзгөчө макам берүү демилгеси узаган аптада орун алган окуялардан болду.

Жарык өчпөйт, жабыркагандар көчөт

Жаңы жылга оро-пара Токтогул ГЭСинде авария болуп, мындан улам майрамдан кийин өлкөдө жарык берүү чектелиши ыктымалдыгы айтылган. Жыл жаңыргандан кийин Токтогулдагы көчмө жыйында чектөөлөр болбой тургандыгы белгилүү болду.

Ошондой эле өкмөт башчы Темир Сариев 6-январда Жумгал районунун Миң-Куш айылына көмүлгөн уран калдыктарын көрүп, радиациясы нормадан ашкан үйлөрдө жашаган тургундар менен жолугушканын премьердин басма сөз катчысы Бакыт Асанов билдирди:

- Ошол Миң-Куштагы көчүрүлө турган үй-бүлөлөрдүн санын мартка чейин тактоо тапшырмасы берилди. Райондун башка аймагына үй салынып, алар ошол жакка көчүшү мүмкүн. Ошондой эле тийиштүү кызматтарга Миң-Куштун келечеги тууралуу план иштеп чыгууну тапшырды.

Темир Сариев Миң-Кушта эл менен жолугушууда. 6-январь, 2016-жыл
Темир Сариев Миң-Кушта эл менен жолугушууда. 6-январь, 2016-жыл

Декабрь айында "Азаттык" Миң-Кушка барганда андагы тургундар бийлик уранга ууланган жерден же көчүрүп кетебиз, же калтырабыз деп, так айтпай жатканына нааразы болушкан эле.

Ал эми узаган аптада Жогорку Кеңеш караган орчундуу маселе - курал боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору болду. Аны Ички иштер министрлиги сунуштап, желим ок тапанчаны дүрмөтсүз жана газ куралдардын катарына кошуу, огун милициянын ок гизльзотекасына киргизүүнү демилгеледи. Буга акыркы убактарда травматикалык тапанча колдонулган кылмыштардын көбөйүшү, андан адам өмүрү кыйылган фактылар бар экендиги мисал келтирилет.

Бул мыйзам долбоору көп талаш-тартыш жаратпастан эле биринчи окууда жактырылды. Эми дагы эки окууда каралышы керек. Депутаттар мындан башка олуттуу деле маселе караган жок.

Улут баалуулуктарына байланган уу-дуулар

Жыл башында бийлик тарап тынч болгону менен, чучук чуусу коомчулукту дүрбөттү. Кумтөр менен иштешкен чет элдик ширетүүчү компаниянын кызматкери Майкл Макфит чучукту аттын жыныс мүчөсүнө салыштырып, Фейсбукка жаза коюп, бирок кийин кечирим сураганына карабай, 5-январда өлкөдөн чыгарылды.

Майкл Макфит
Майкл Макфит

Мурдарак милиция Макфиттин жазганы кылмыш кодексинин 299-беренесине (улут аралык, расалык, диний жана аймактар аралык алакага бүлүк салуу, улуттук баалуулуктарды басмырлоо) туура келет деп жаткан. Ал берене боюнча соттолгон адам үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылары кодексте каралган. Арийне, сот Макфитти Кыргызстанда жүрүп, иштөө үчүн документтери толук болгон эмес деген негиз менен чыгарды.

Бул окуя коомчулукту катуу дүрбөтүп, аны жазага тартыш керек дегендер, кечирүү керек дегендер, тамаша пикир үчүн эле жоопко тартуу туура эмес, ага башында улуттук баалуулуктар тууралуу маалымат берилбегендигинин айынан ушундай болду деп коргоп чыккандар болду.

Макфиттин окуясына улай дагы бир улуттук баалуулукка байланыштуу дүрбөткөн окуя - Өзгөндөгү миңдеген элдин, анын ичинде кошуна мамлекеттердин чабандестери катышкан чаң улак.

Милиция көк бөрү оюну Бишкек-Ош жолунан 200 метрдей алыс уюштурулду дегени менен сүрмө топ кызыганда кан жолду да бууп, 10 чакырымдай автотыгынын пайда кылган. Сууктун күнүндө балдар, аялдар, самолетко билет алгандар сааттап ал жерде турууга аргасыз болушкан. Бекмамат Абдумаликов аттуу жаран тыгында калып, уюштуруучуларга наалат айткандардын бири:

- Кышында беш саат улактын айынан тыгында туруу деген эмне шумдук? Түшкү саат 12де тыгынга кабылгандар кечки саат тогузда Ошко жетип келишти. Балам бар эле деп ыйлагандар, ачка калгандар болду. Жол боюнда нан-чай саткандар бар экен. Бирок бир нанды 50-60 сомго чейин көтөрүп сатышты. Жүргүнчүлөр кыжырданып, улакты жол боюнда уюштургандарга наалат айтып жатышты. Ушунча көп конок чакырса, жол боюнан алысыраак, кенен жай камдабайбы?!

Жол тыгынга кабылган унаалар
Жол тыгынга кабылган унаалар

Арийне, милиция тыгынга көк бөрү эмес, жолоочулар өздөрү себепчи болгонун айтып чыкты. Такталбаган маалыматтар боюнча, оюнга бийликтин бийик кызматында отургандар, милициянын чоңдору да барганы кабарланууда. Аны Өзгөндүн Дөң-Булак айылынын тургундары Жаныш жана Байыш Ниязовдор уюштурган экен. Окуяны Улуттук коопсуздук кызматы иликтей баштады.

Акыйкатчыга акаарат...

Жогорку Кеңеш декабрдын аягында Акыйкатчы ордуна экинчи ирет өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы менен Кубат Оторбаевди шайлаган. Аны менен бирге шайлоого катышып, бирок, утулуп калган оппозиция талапкери Рита Карасартова добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен Биринчи Май райондук сотуна кайрылды:

- 30-декабрда өткөн Омбдусменди шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылдым. Парламент жаңы шайлоо өткөрсүн. Мунусунда менин талапкерлигим коюлбайт. Бирок мен өлкөбүздүн башкы укук коргоочусунун мыйзам жолунда тандалуусун каалайм. Жарандар шайлоо жараянына байкоо салышы кажет.

Акыйкатчы шайлоодо үч-төрт депутат каз-катар тизилип алып, добуш берген айрым депутаттардын бюллетендерин текшерип турушкан. Бул коомчулуктун сынына кабылган эле. Ошондой эле шайлоодо уткан Оторбаевдин арызды мөөнөтүнөн кийин бериши да талаш жараткан.

Өзгөчө статус өлкө коопсуздугуна коркунучпу?

Маданият жана маалымат министрлигинин Орусиянын телеканалдарына өзгөчө статус берүү демилгеси коомчулуктун каршы пикирине кабылды. Министрдин орун басары Айнура Темирбекова өзгөчө статус берүүнүн зарылдыгын мындайча чечмелейт:

Айнура Темирбекова
Айнура Темирбекова

​- Кыргызстан санариптик системага өткөн соң “Биринчи канал” менен “Россия РТР” көрсөтпөй калган. Мындан улам бизге элден аябай көп суроо түшүп, каналдар эмнеге жоголуп кеткенин сурашкан. Ошондо Орусиянын Байланыш жана коммуникация министрлигинин өкүлү келип, сүйлөшүү өткөрүп, меморандум түзгөнбүз. Алар бизге аталган каналдардын контенттери тууралуу айтып беришкен. Орусия аталган эки каналдын контенттерине жылына үч миллиард доллар коротот экен. Башка мамлекеттердин баары сатып алат. Кыргызстанга гана акысыз сунушташат. Ошондуктан аларга өзгөчө макам беришибиз керек.

Демилгеге каршы чыккандардын бири, коомдук активист Бурул Макенбаева бир топ жүйөлөрдү келтирет:

- Казакстан чет элдик, анын ичинде орусиялык телеканалдарга чек коюп атат. А биз, тескерисинче, баарын колуна карматып бергени жатабыз. Эгер өзгөчө статус бериле турган болсо алар келе жаткан президенттик шайлоого таасир этет, кыргыз тилинин өнүгүшүнө тоскоол болот. Өзүбүздүн телеканалдарга атаандаш болуп, реклама базарын тартып алат. Анан, албетте, Орусиянын пропагандасын жүргүзөт. Анткени статус берилчү эки каналдын бир тараптуу, пропагандачы катары ишмердиги бизге буга чейин белгилүү да.

Сунуш февралга чейин коомдук талкууга коюлмай болду. Азырынча социалдык тармактарда талкууланып, жарандык коом өкүлдөрү, журналисттер жана коомдук ишмерлер, жаш активисттердин жоон тобу каршылыгын билдирүүдө.

Мындан тышкары, жума аягында, кышка деп консерваланган тамак-аштан 24 адам ууланып, алардын экөө каза болду. Түркия ушул жылдын жарымынан тарта Кыргызстан жарандарына виза режимин киргизүү ниетин билдирди. Бул кабарлар кийинки аптаны кызыткан темага айланчудай.

XS
SM
MD
LG