Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:22

"Ишеним телефонго" ишеним артууда


"Ишеним телефонго" ишеним артууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:37 0:00

2015-жылдын сентябрында уюшулган ”Балдар үчүн ишеним телефону” ишке киргени белгилүү. 24 саат бою анда отурган кызматкерлердин айтуусунда, төрт ай аралыгында 151 миң 589 телефондук чалуу келип түшкөн. Албетте анда реалдуу кайрылуулар менен 280 адам чалган. Анын сексенин өспүрүмдөр түзсө, 200ү чоңдор болгон. Чалууларда мектеп окуучулары мугалимдерге болгон нааразылыгын айтса, үй-бүлөлүк чыр-чатактан жабыр тарткандар да бар. Көпчүлүк телефондук чалууларды каржылык жардам сурагандар түзгөн, балдарын бала бакчага орноштуруу көйгөйү, паспорт алуу, балдарга күбөлүк алууга жардам сурап чалгандар да басымдуу. Кыз ала качуунун күбөлөрү, баласын жоготуп издегендер жана №50 абактан качкандар боюнча чалгандар көп болгон. Таанышуу жана үй-бүлө куруу максатында кайрылгандар да кездешкен.

XS
SM
MD
LG