Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:38

Азербайжанда нааразылык күчөдү

Азербайжанда нааразылыкка чыккандар куралдуу полиция менен кагылышты. Улуттук экономикасы нефтиге байланган өлкөдө баалар кымбаттап, манаттын куну качканы карапайым элдин жашоосун оорлоштурууда.
Соңку жылдары президент Илхам Алиев миллиардаган каражатты өз атын чыгаруу үчүн кымбат курулуштарга, айрыкча баш калаа Бакуга салды. Коррупция, өкүмзарлыгы менен белгилүү азери бийликтеринин көк тиреген имараттарды куруп, эл аралык деңгээлде спорттук жана маданий иш-чараларды уюштуруп, жең ичинен сүйлөшүп жеңишке жеткен ата-даңкы карапайым адамдарды көпкө алаксыта алган жок. Эгер протесттер улана берсе, өлкөнү нааразылыктын толкуну каптайт деген тынчсыздануу жаралууда.

XS
SM
MD
LG