Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:17

"Бишкек азыр Кытайга гана үмүт арта алат"


Александр Класковский
Александр Класковский

Президент Атамбаев дүйнөдө кырдаал курчуп турганда өлкөнүн тышкы саясаты эң ириде улуттук кызыкчылыкты эске алуу менен жүргүзүлүшү керектигин эскертти. Кыргызстандын тышкы саясаты азыр кандай нукта жүрүүдө? "Азаттык" Минскидеги журналист жана саясат таануучу Александр Класковскийди сөзгө тартты.

"Азаттык": Президент Атамбаев дүйнөлүк саясатта кырдаал курчуп турганда Кыргызстан тышкы саясатын улуттук кызыкчылыктарына жооп бере турган нукта жүргүзүүгө умтулушу керектигин айтты. Негизи учурдагы расмий Бишкектин тышкы саясатын сырттан туруп кандай баалайт элеңиз?

А.Класковский: Бир четинен алганда, бул жөн эле айтылган сөздөр деп ойлойм, анткени ар бир президент өз мамлекети башка өлкөдөн көз каранды болуп, саясаты өз алдынча болбосо да ушундай сөздөрдү айтышы мүмкүн. Ал эми Кыргызстанды алсак, ушул тапта “кызыган казанга түшкөндөй” абалда турат, анткени мамлекет чакан, экономикалык абалы өтө жакшы эмес.

Евразия биримдигине киргенде бир нерсе өзгөрөт же Орусия жардам берет деген үмүт бар эле. Кыргызстан деле Беларус сыяктуу Орусия бай өлкө көмөктөшөт, колдоо көрсөтөт, акча берет деген үмүттө болгон.

Бирок эми эки өлкөнүн тең үмүтү өчүп баратат. Ошондой эле Кыргызстандын бийлигин Орусиянын жүргүзүп жаткан тышкы авантюралары бир аз ыңгайсыз абалга калтырып жатса керек.

"Азаттык": Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенине жарым жыл боло электе премьер-министр Орусиядагы кризистен улам кыргызстандыктарды белди бекем бууганга чакырды. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирбей койсо болот беле? Же башка жол жок беле?

А.Класковский: Татаал суроо. Анткени беларус оппозициясы да Александр Лукашенкону бул кадамы үчүн кескин сынга алып келет. Минск үчүн бир аз түшүнүктүүрөөк деп койсок болот. Анткени эгер Беларус батышка ыктаса анда бир катар реформаларды жүргүзүүгө аргасыз болмок.

Ал эми Кыргызстанды алсак, өлкө өтө эле Орусияга байланган. Түштүктөн болчу реалдуу кооптонуулар турат, экстремизм, терроризм коркунучтары бар. Мына ушул себептер да геополитикалык жактан Бишкекти Москвага байлап турат.

Орусия чоң аскерий держава, анан ушундай чоң өлкөнүн таянычы менен кыргыз бийлиги да өзүн ишенимдүүрөөк сезсе керек. Анын үстүнө Кантта Орусиянын аскерий базасы жайгашкан, бул да чоң мааниге ээ. Мына ушундан улам Бишкек азыр Орусияга өтө эле көз каранды деп айтсак болот. Андыктан Бишкектин Кремлдин сөзүн угуудан башка аргасы жок болчу.

"Азаттык": Президент формалдуу түрдө Европа, Азия, Араб мамлекеттерине сапар жасап жатканына карабай, учурда Кыргызстандын тышкы саясаты бир багытты алганы айтылып сындалууда. Бул Бишкек үчүн канчалык опурталдуу саясат?

А.Класковский: Москва мунай кымбат кезинде бутуна туруп, мурдагы советтик өлкөлөрдүн аймактарында өтө активдешип, өз таасирдүүлүгүн жогорулата баштаган. Албетте, экономикалык кыйынчылыкка кептелген өлкөлөр Орусияга ишенип, анын оюнун колдошкон.

Анын ичинде Беларус менен Кыргызстан да бар. Муну менен алар ири каржылык колдоого ээ болобуз деп ишенишкен. Эми абал өзгөрүшү мүмкүн. Кыргызстандын бийлиги да геополитикалык саясатта өз нугун өзгөртүүгө бел байлашы ыктымал. Бишкек азыр Кытайга үмүт менен карап атат. Анткени бир гана Кытай азыр Кыргызстандын тышкы экономикалык демөөрчүсү болуп калышы ыктымал. ​

XS
SM
MD
LG