Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:59

Кумтөр: мөңгүнүн баасы он сомбу?


Кумтөр кениндеги мөңгүнү башка жерге жылдыруу.
Кумтөр кениндеги мөңгүнү башка жерге жылдыруу.

Өкмөт тапшырмасын аткарган Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги Кыргызстандагы мөңгүлөргө келтирилген экологиялык зыянды аныктоочу усул тууралуу токтом долбоорун иштеп чыкты.

Жаңы иштелген усул мөңгүлөргө зыян келтирген тараптан акчалай компенсация өндүрүүгө уруксат берет. Жакын арада токтом өкмөттө каралып, андан соң парламентке сунушталмакчы. Ал арада долбоорду алдын ала караган "Ата Мекен" фракциясы бул усул өлкөнүн кызыкчылыгына туура келбесин айтып чыкты.

Жаңы усулга ылайык, өлкөдөгү мөңгүлөрдүн абалына жоопкерчилик Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигине жүктөлүүдө. Аталган агенттиктин жетекчисинин орун басары Абдыкалык Рустамовдун белгилешинче, долбоордо тоо-кен компаниялары мөңгүлөрдү жылдырса, тоннасына 10 сом, химиялык жол менен булгаса 100 сомдон жогору айыппул төлөшү керек:

- Мөңгүгө зыян келтирген компаниялар кооптуулуктун категориясына жараша айып төлөйт. Методикада кандай зыян келтиргени же мөңгүнү булгаган учурдагысы өз-өзүнчө бааланды. Эгер мөңгүнү жылдырып койгон болсо, тоннасы 10 сом деп эсептелет. Ал эми химиялык булгануулар менен коштолсо, мөңгүнүн тоннасы 100 сомдон эсептелет.

Азыркы усул менен өкмөт тоо-кен компанияларынан компенсация өндүрүүнү бир жолго саларына ишенип жатат. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин бөлүм жетекчиси Жамалкан Кадоеванын билдиришинче, мөңгүлөргө компенсацияны орнотуу тарифи атайын комиссия тарабынан иштелип чыкты.

- Атайын жумушчу тобуна Айыл чарба министрлигинен, Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинен, Илимдер академиясынан жана бир катар тийиштүү органдардан мүчөлөр кошулду. Бизге Кумтөр мөңгүнү жылдырганда, ал мөңгү түп-орду менен жоголуп кетпейт деген атайын эксперттердин чечими келди. Ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү мыйзамдарды жана абалдарды салыштырып, атайын коэффициенттерге токтолдук.

Текебаев: миллиарддын ордуна миллионбу?

15-январда долбоор менен алдын ала таанышып чыккан Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы ал өлкөнүн кызыкчылыгына туура келбейт деп аны кайра иштеп чыгууну сунуштады.

Фракция лидери Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, өкмөт жаңы методика аркылуу "Кумтөр" компаниясына мөңгүлөрдү азайтууга жол ачууда. Мөңгүлөрдү жылдырганы үчүн Кыргызстан "Кумтөрдөн" миллиарддаган долларды өндүрүүнү көздөп жаткан учурда, жаңы долбоор компанияны жарыбаган акча менен жоопкерчиликтен куткарып кетет", - дейт Өмүрбек Текебаев:

- "Кумтөр" быйыл 30 миллион куб метр мөңгүнү жылдырабыз деп жатат. Эгерде биз мөңгүнү жылдырганы үчүн тоннасына 10 сомдон алсак, 300 миллион сомго мөңгүнү жок кылабыз. Мөңгү ордунан жылды дегенди, мөңгү жок болду деп түшүнүү керек. Биздин эсеп боюнча миллиарддаган долларды компенсация кылуу керек болчу. Бүткүл дүйнө президенттери экология жана мөңгүлөрдү сактайлы деп Парижде сүйлөшүп жатса, биз бул жактан арзан акчага мөңгүлөрдү талкалатып жатабыз

Тоо-кен компанияларынан мөңгүлөргө чыгымдар үчүн компенсация өндүрүү методикасын иштеп чыгуу демилгеси акыркы үч жылдан бери көтөрүлүп келет. Айрыкча "Кумтөр" ишканасынын мөңгүлөргө мамилесине тынчсызданган мурдагы парламент "Центерранын" экологиялык зыянын аныктап, акчалай айып төлөтүүнү өкмөттөн талап кылган.

Эми даярдалып бүтүп калган долбоор парламентке келгенде кызыл чеке талашка жем таштачудай.

Мөңгүнү жылдыруу - кылмышка барабар

“Геоприбор” илимий инженердик борбордун директору Исакбек Торгоевдин айтуусунда, дүйнөдө мөңгүнү бузуу кылмышка тете. Андыктан мамлекет мындай кадамга барбашы керек, ал эми барган учурда компенсациянын баасы да жеңил-желпи сумма болбошу керектигин айтты:

- Мөңгүнүн бир кубу жылса, аны минималдуу 10 сом эмес, 50 доллардан эсептеши керек болчу да. Бизден да былтыр эсептеп бергиле деп айрым депутаттар суранганда, өзүбүздүн методикада 50 доллардан мөңгүнүн кубун эсептегенбиз. Дүйнө боюнча мөңгүнү буза бергиле деп уруксат берип жаткан биз эле болушубуз керек. Башка өлкөлөр тиймек тургай жакын жолотпойт. Бул калдыктардын зыяны кийин Кумтөрдөгү алтын түгөнгөндөн кийин, 2040-жылдарга барып билинет.

2012-жылы Кумтөр маселеси боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия ишкана курулгандан бери 80 млн. куб метр мөңгүнү талкалаганын маалымдап, экологиялык зыяндын көлөмүн 5 млрд. доллар деп эсептеп чыккан. Бул сандар кийин кыскарганы менен доомат боюнча соттошуулар ушул күнгө чейин токтой элек.

"Кумтөр" ишканасы 2013-жылы 14 млн. куб метр мөңгүнү жылдырса, 2014-жылы анын көлөмү 18 млн. куб метрге өскөн. Былтыр мөңгүлөрдү жок кылуу көрсөткүчү өсүп, 25 млн. куб метрге жеткен. Быйыл болсо компания дагы 30 млн. куб метрди камтыган мөңгүнү жылдыруусу күтүлүп жатат.

Кумтөрдөгү эрип бараткан мөңгү. "Азаттыктын" архиви

XS
SM
MD
LG