Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:12

Иран камактагы акчасын алат


Тегерандагы базар. 2014-жылы тартылган сүрөт. Эл аралык санкциялардын жоюлушунан улам ирандыктар эми тыш дүйнө менен соода-сатык, экономикалык карым-катнаш жанданат деп үмүттөнүшүүдө.
Тегерандагы базар. 2014-жылы тартылган сүрөт. Эл аралык санкциялардын жоюлушунан улам ирандыктар эми тыш дүйнө менен соода-сатык, экономикалык карым-катнаш жанданат деп үмүттөнүшүүдө.

Иранга каршы эл аралык экономикалык санкциялар алынгандан кийин анын камактагы активдери жана акчалары бошотула баштады.

Бул өлкө дүйнөлүк базарга мунай чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болгондуктан, санкциялардын алынышы кар май баасынын дагы арзандашына салым кошту.

Иранга каршы Кошмо Штаттар, Улуттар Уюму жана Еврошаркет киргизген эл аралык экономикалык санкциялар Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭ Тегеран талаштуу өзөктүк программасы боюнча былтыр июлда дүйнөнүн алты ири державасы менен түзгөн, тарыхый делген келишимдин шарттарын аткарганын ырастаган соң 16-январдан тарта алынды.

Бирок келишимдин өзөктүк ишмердикти кыскартууну караган шарттарын Иран сактап же сактабай жатканы такай текшерилип турат. Бул келишимдин чечүүчү мааниге ээ механизмдеринин бири.

МАГАТЭ башчысы Юкио Амано президент Хасан Роухани менен жолуккан учур. Тегеран, 18-январь, 2015-жыл.
МАГАТЭ башчысы Юкио Амано президент Хасан Роухани менен жолуккан учур. Тегеран, 18-январь, 2015-жыл.

МАГАТЭнин башчысы Юкио Амано Тегерандан соңку өнүгүүлөрдү комментарийлегенде тараптардын мамилеси эми жаңы баскычка өтүп жатканын белгиледи:

- Иран менен МАГАТЭнин мамилеси азыр жаңы баскычка кирүүдө. Биз ишибизди бейтарап, саясий эмес жана фактыларга таянган жол менен гана чечкиндүү түрдө улантууга даярбыз. Ирандын өзөктүк ишмердиги эми кыскарат. Бизде муну текшерүүнүн ишенимдүү аспаптары, ишенимдүү режими бар. Биз муну менен өзөктүк ишмердик кыскарганын көзөмөлдөп турабыз. Аракеттенүүнүн бирдиктүү комплекстүү планында каралган чараларга ылайык, МАГАТЭнин Ирандын өзөктүк ишмердигине мониторинг жүргүзүү жана ал тынчтык максатты гана көздөй турганына ынануу мүмкүнчүлүгү артат.

Камактагы акчаны алуу

Иран үчүн эл аралык санкциялар алынганынын алгачкы жемиши анын дүйнөлүк банктарда камакка алынган активдери менен каражаттарынын бошотулушу болчудай.

Борбордук банктын төрагасы Валиолах Сейфтин айтымында, өлкө ошол камакта турган акчаларынын 32 миллиард долларын алганы турат.

Ирандын Борбордук банкынын төрагасы Валиолах Сейфт.
Ирандын Борбордук банкынын төрагасы Валиолах Сейфт.

Ал каражаттар Жапония менен Түштүк Кореядагы банктардан Германия менен Бириккен Араб эмираттарындагы банктарга которулду.

Борбордук банктын төрагасы мамлекеттик теледеги маегинде маалымдагандай, бул акчанын өкмөттүн үлүшүндөгү төрт миллиард доллары мамлекеттик казынага түшмөкчү.

Ал эми жалпысынан Ирандын тоңдурулган активдеринин акчалай көлөмү, “Нью Йорк Таймс” гезитинин жазганына караганда, 100 миллиард доллардын тегерегинде.

Кара май экспортун жандантуу

Иран үчүн санкциялардын алынышынын дагы бир экономикалык жемиши катары ага дүйнөлүк базарга мунай экспортун калыбына келтирип, ошондой эле экономиканын чечүүчү сектору - мунай-химия өндүрүшү үчүн керектүү технологияны сырттан сатып алууга мүмкүнчүлүк ачылып жатканы болууда.

Ирандын мунайынын дүйнөлүк базарга кайта турганы башка факторлор менен катар кара май баасынын дагы аразандашына салым кошту:

- Иранга каршы санкциялардын алынышы базарга түшкөн мунайды көбөйтүп, кырдаалды дагы начарлатат деген камтамачылык болуп жатат да, - деди Дубайдан каржы базарлары боюнча талдоочу Нур ал-Зуби "Рейтердин" кабарчысы менен маегинде.

Өзү башында Иранга каршы санкциялар жоюлду деген кабар Перси булуңундагы араб өлкөлөрүндө баалуу кагаздар базарын да арзандатып жиберген.

Ирандын мунай тарткан танкери. 2012-жылы тартылган сүрөт.
Ирандын мунай тарткан танкери. 2012-жылы тартылган сүрөт.

Иран өкмөтү өз тарабынан мунай өндүрүшүнүн көлөмүн күнүнө 500 миң баррелге көбөйтүүгө буйрук берди.

Бирок Энергетика боюнча эл аралык агенттик өндүрүш эң көп дегенде 300 миң баррелге гана көбөйө алат деп болжолдоодо.

Ирандын санкциялар жок кезде күнүнө эң көп дегенде эки миллион баррелге чейин мунай өндүргөн учурлары болгон. Чектөө чаралары бул көрсөткүчтү бир миллион баррелден бир аз ашуунга чейин түшүргөн эле.

Дүйнөлүк базарда талапка караганда сунуш көбөйүп кеткенден кара майдын бир баррели азыр 30 доллардан төмөн сатылууда.

АКШнын жеке санкциялары күчүндө калды

Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу эл аралык санкциялардын көбү жоюлганы менен АКШнын жеке өзүнүн санкцияларынын көбү сакталып калды.

Мисалы, эми АКШдагы америкалык эмес банктар Иран менен бизнес жүргүзсө, америкалык банктар буга кыйыр да, түз да бара албайт.

Америкалык жарандардын Иран менен соода –сатык жүргүзүүсүнө коюлган чектөө сакталууда.

Ошондой эле Ирандын ишкерлерине АКШнын каржы системасы аркылуу доллар менен соода операцияларын жүргүзүүсүнө тыюу салынган.

Бул доллар дүйнөнүн башкы бизнес валютасы экенин эске алганда бир топ кыйынчылыктарды жаратат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG