Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:04

Ысык-Көл менен Нарында карышкырлар атылууда


Өткөн жылы Нарын облусунда 158 карышкыр атылды. Андан сырткары 42 бөлтүрүк, 110 чөө жок кылынган. Ал эми облустук аңчылык департаментинин жетекчиси Сагынаалы Боогачиев билдиргендей, өткөн жылы карышкыр 1040 баш малды жайлап, жалпы 21 млн. 793 миң сомдук зыян алып келген.

Ысык-Көлдө болсо өткөн жылы 51 карышкыр, 69 чөө жок кылынган. Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин Ысык-Көл өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Төлөгөн Үсөнбаевдин айтуусунда, учурда облус аймагында жана Сырт өрөөнүндө жырткыч жаныбарларды жок кылуу боюнча күчөтүлгөн иш алып барылууда. Облустук өкүлчүлүк жарыялаган үч айлыктын негизинде аңчылык департаментинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн штаттагы кызматкерлеринен түзүлгөн беш топ жана мергенчилерден турган тогуз топ жер-жерлерде иштеп жатышат.

Мал-жанга келтирген зыяны үчүн жапайы жырткычтарды жок кылууга өкмөттөн 500 миң сом каралган. Бул аралыкта атылган жырткыч жаныбарлардын ар бир башы үчүн мергенчилерге берилүүчү сыйлыкты 5 миң сомдон 10 миң сомго көтөрүү үчүн өкмөткө жана Жогорку Кеңешке кат жолдонду.(MiK/AsM)

XS
SM
MD
LG