Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Соцфонддун жаңы төлөмүнө эл бушайман


Элеттик жубайлар пияз отургузуп жатат
Элеттик жубайлар пияз отургузуп жатат

Жалал-Абад шаарына караштуу Тайгараев айыл өкмөтүнүн социалдык фонддун төлөмдөрүнүн көбөйүшүнө нааразы жүздөй жашоочу мектеп имаратында жыйынга чогулду.

Жалал-Абадда жер үлүштөрүн иштеткендер социалдык фонддун төлөмдөрүнүн жогорулашына нааразы болуп, айылдарда жергиликтүү жана борбордук бийликке кайрылуу жолдоо, кол топтоо аракеттери жүрүүдө.

Алардын бири Нурланбек Абдрахманов буларды айтты:

- Биздин 84 сотых үлүш жерибиз бар. Адистердин айтымында, кийин биз пенсияга жакшы чыгуу үчүн ай сайын 384 сомдон төлөп турушубуз керек экен. “Балдарым, азыр эч нерсе жебей туралы, кийин жакшы жейбиз” дегенге алып келип жатат азыр өкмөт. Андан башка айла жок. Дыйкан бир гектар жерди иштетсе, өзүнө эч нерсе артпай жатат. Жылына салыкка, соцфондго жана суу иштеткенге төлөсөң, өзүң болбогон түшүм алып, аны да сата албасаң ушул да жашообу? Бул жерде дыйкандарды эле кыйноо болуп жатат. Азыркы пенсиясы жашоого ылайык төлөнбөйт. Анан бизден талап кылып жатышат.

Ала-Бука районунун тургундары соцфонд төлөмдөрүнө каршы кол чогултууга киришти. Буга чейин төрт ирет жыйын өткөрүп, райондук бийликке кайрылуудан жыйынтык чыккан эмес. Эми 15 миңге чукул адамдан кол чогултуп, парламентке жана президентке кайрылуу даярдап жатышканын демилгечилердин бири Эсенгелди Эргешов мындай деди:

- Бизге жердин да кереги жок азыр. Айыл өкмөткө "кайтарып ал" десек болбойт. Азыр биз "салыктын кереги жок, жерлерди алгыла" деп чыгып жатабыз. Буга чейин ушул маселени төрт жолу көтөрүп, райондо курултай өткөрдүк. 20-февралда Ала-Буканын борборунда дагы тынчтык акциясын уюштурганы жатабыз. 10 миңден ашык кол топтоого аракет кылуудабыз. Биз көбүнчө азыркы премьер-министр Темир Сариевдин ишине каршыбыз. Ал келгени баарын жогорулатып баштады.

Жогорку Кеңеш тарабынан өткөн жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, социалдык төлөмдөр аймактардагы орточо айлык акынын суммасына жараша жогорулаган. Эми үлүш жер ээлери ай сайын 50 сомдун тегерегинде мамлекетке жер үчүн салык төлөйт. Ар бир үй-бүлөдөн 16 жаштан жогору ишке жарамдуу жаран буга милдеттүү экендигин Жалал-Абад шаардык социалдык фонд башкармалыгынын башчысы Рустам Тургунов ырастады:

- Социалдык фонд өзүн-өзү каржылаган ишкана болуп саналат. Пенсия төлөмдөрүн жыйнайт жана кайра төлөп берет. Былтыркы жылдагы өзгөртүүлөргө ылайык, айылдарда жер үлүшү бар бир үй-бүлө жылына 600 сом, айына 50 сомдон төлөм төлөп келген. Эми жаңы мыйзамга ылайык ар бир 16 жаштан жогору ишке жарамдуу жер үлүшү бар жаран айына 50, ал эми жылына 600 сом төлөөсү белгиленген. Бир үй-бүлөдө беш жаран болсо айына 250 сом, ал эми жылына 3000 сомго туура келет. Бул жер иштеткен жарандарга келечектеги жакшы пенсия алуусуна түзүлгөн камкордук болуп саналат. Мурда ар бир жаран айына болгону төрт-беш сомдун айланасында акча төлөп келген. Бул жагдайды эл туура кабыл алышы керек.

Социалдык фонд башкармалыгы эгерде атуулдар бул система менен төлөмдөрдү үзгүлтүксүз төлөсө, эркектер 25, ал эми аялдар 20 жылдан соң пенсияга чыкса болорун билдирет. Социалдык төлөмдөр ар бир аймакта орточо эмгек акынын жарым пайызына ылайык, айына төлөнөт, дейт башкармалыктын башчысы Рустам Тургунов.

- Бул сумма ар бир эки жылда жарым пайызга көтөрүлүп, 2024-жылга жер иштеткен дыйкандар орточо эмгек акынын 4% төлөп калышат. Мурунку мыйзам менен кабыл алганда келечекте жарандарды пенсия менен камсыз кыла албай калуу коркунучу бар болчу. Ким канча сумма төлөсө ошого жараша пенсия алат.

"Жер салыгы көтөрүлбөсүн"

Бул жумада Базар-Коргон районундагы Кеңеш айылынын депутаттары өкмөттүн жер салыгын көтөрүү боюнча токтомуна каршы чыгышты. 26-январдагы айылдык кеңештин сессиясында депутаттар токтом кабыл алышып, бул багытта өкмөткө сунуш иретинде кайрылуу кабыл алышкан. Айылдык кеңештин төрагасы Канболот Аттокуров буларга токтолду:

Ала-Бука
Ала-Бука

- Өкмөттүн бизге жөнөткөн сунушунда айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларын жогорулатып, коэффициент коюп берүү айтылган. Салык кодексинин 337-беренесинин негизинде 0,1 коэффициент менен сугат жерлерге салык төлөгөн жарандар өкмөттүн токтомуна ылайык, 700-1200 сомго чейин төлөөсү белгиленген. Азыр эл арасында да буга нааразылыктар пайда болууда. Элдин турмушун эске алып, бул токтомду бекитпешибиз керек. Өкмөт элдин да азыркы жашоо-шартын эске алуусу керек.

Жер үлүштөрүнө соцфонд төлөмдөрүнүн жаңыртылган шарттары камтылган мыйзамды жокко чыгарып, анын ордуна дыйкандарга оордук жаратпаган мыйзам иштеп чыгуу каралууда. Учурда жаңы мыйзам долбоору жазылып жатканын Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы Мирлан Бакиров билдирди.

2015-жылдын июнунда кабыл алынган мыйзамда үлүш жерлерге социалдык төлөм кескин көбөйгөн. Социалдык фонд башкармалыгы муну пенсиялык фонддун бюджетин толтуруу амалы катары сыпаттаган. Бирок кымбаттоо элди нааразы кылып, депутаттар мыйзамды өзгөртүүнү аталган башкармалыкка сунуштап, февралга чейин убакыт берген. Эгер ал ишке ашпаса, жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылат.

Учурда аймактарда социалдык төлөмдөргө байланыштуу нааразылыктар байма-бай жаралып жатканы байкалат. Аксы районунун Жаңы-Жол айынын 500гө чукул жашоочусу кол койгон ушул багыттагы кайрылуу Жогорку Кеңештин төрагасына жолдонгонун, эрте жазда жагдай ушул бойдон калса нааразычылык акция баштарын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG