Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:05

Нарын: митингчилердин беш талабы


Нарындагы митинг
Нарындагы митинг

Бүгүн, 27-январда Нарындын борбордук аянтында митинг өтүп, анда электр энергияга баанын өсүшү, малдын арзандашы, ГЭС курулушунун токтоп калышы өңдүү маселелер көтөрүлдү.

Ага катышкандар өкмөт башчы Темир Сариевди нарындыктар менен жолугушууга келген жок деп сындашты. Бир күн мурда жолугушуп кеткен депутаттарга элдин арыз-муңун толук укпай кетишти деген доомат коюшту.

Бир жума мурда жарыяланган бул митингдин астында өкмөт тоолуу аймактардагы жеңилдиктерди азайтууну артка кайтарган жана мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу боюнча айып пул салууну 2018-жылга жылдырган чечим кабыл алган. Жогорку Кеңештеги башкаруучу фракция лидерлери 26-январда буга байланыштуу нарындыктар менен жолуккандан кийин митинг болбосу тууралуу кеп тараган эле.

Бирок, ага карабай 27-январда Нарын шаарынын борбордук аянтына кеминде 300дөй киши чогулуп, бийликке дооматтарын билдиришти.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов маселени акимчиликтин жыйындар залында талкуулайлы деген сунушу колдоо таппай, элдик жыйын шаар борборунда уланды.

Аянтка чогулгандардын атынан чыгып сүйлөгөндөр дээрлик элдин тиричилигине маани бербей жатат деп, өкмөттү, депутаттарды сындашты. Алардын бири, өзүн отставкадагы аскер кызматкеримин деп тааныштырган Жаныбек Асанов өкмөт башчыга жана парламент өкүлдөрүнө нааразылыгые айтты:

- Биз мындан бир жума мурун жыйын куруп, бийик тоолуу шарттагы жеңилдиктер алып салынсын деген мыйзамдын автору келип, түшүндүрмө берсин деп талап койгонбуз. Бирок биздин бул сурообуз ачык бойдон калды. Темир Сариев кечээ Баткенде жүрөт.

Митингдин катышуучулары ГЭС курулушунун токтоп калышын да жергиликтүү калктын социалдык абалына терс таасир тийгизе турган көрүнүш катары баалап жатышты. Бактыгул Исаев аттуу дагы бир активист нарындыктардын көйгөйүн президент баштаган мамлекеттик жетекчилерге жазып, жөнөтүү демилгесин көтөрдү:

- Эмнеге кечээ депутаттар мекеме жетекчилери менен сүйлөшүп эле кетет? Эмнеге алар карапайым калктын көйгөйүн укпайт? Биздин бийик тоолуу шарттагы жеңилдиктерди алып салуудан башка толгон-токой көйгөйлөрүбүз бар. Кечээ бирөө "митингди мен уюштурганы жаткам, эртең ал болбойт" деп айтыптыр. Элдин атынан жооп бергидей алар ким? Эми азыр кайгыра бергенден пайда жок. Мына электр баасынын кымбатташы, жөлөк пулдун туура эмес эсептелип жаткандыгы, майыптардын укугу жана башка көйгөйлөрүбүздү кайрылуу катка түшүрүп, депутаттарга, президентке, премьер-министрге жөнөтөлү.

Митингге чыккандардын талаптарын өкмөттүн облустагы өкүлү Аманбай Кайыпов угуп, өз сөзүндө буларды белгиледи:

- Мен өкмөттүн Нарындагы өкүлүмүн. Силердин бардык көйгөйүңөрдү өкмөткө жеткирем. Темир Аргенбаевичтин айткандарын мен силерге айтып берем. Ал эми бийик тоолуу аймактардагы жеңилдиктерди өкмөт башчысы кайра кайтарып алды, аны кечээ Жогорку Кеңештин депутаттары элге түшүндүрүп берди.

Митингдин катышуучулары акырында 32 кишиден турган комиссия түзүп, президентке, парламентке жана өкмөткө беш талаптан турган кайрылуу даярдашты. Кайрылууда бийик тоолуу аймактагы жеңилдиктер кыскарбаганын тастыктаган токтомду көрсөтүү, кыш мезгилинде электр энергиясына болгон жеңилдиктерди көбөйтүү, турак жайды жана автоунааны камсыздандыруу үчүн мажбурлабоо, жөлөк пулдарды көбөйтүү жана соцфонд төлөмдөрүн азайтуу жазылган. Кайрылуунун жообуна 10-февралга чейин мөөнөт чектешти.

Ошол эле кезде айрым талдоочулар Нарындагы митингдин катышуучулары койгон негизги талаптар боюнча өкмөт буга чейин эле чечим кабыл алып койгонун белгилешүүдө. Маселен, өкмөт автоунаасын камсыздандырбагандарга айып пул салууну 2018-жылга жылдырса, бийик тоолуу аймактар үчүн жеңилдиктерди жоюуну 25-январда эле чакыртып алган.

27-январда Нарын шаарында уюштурулган митингге катышуучулардын эсебинде миңге чукул, милициянын божомолунда 300гө чамалуу киши катышты.

Нарындагы митингдин сүрөттөрү. 27-январь, 2016-жыл

XS
SM
MD
LG