Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:30

Нарын: Түркияга кетүүгө камынгандар


Кыргызстандан Түркияга барганлардын басымдуусу мейманканада иштешет. Анталия
Кыргызстандан Түркияга барганлардын басымдуусу мейманканада иштешет. Анталия

Жайкысын Түркияда иштеп акча таап келүүнү көздөгөн нарындыктар азыртадан даярдык көрө баштады.

Мейманканадагы тейлөө иштерине орноштуруу кызматын көрсөтүп жаткан түркиялык фирманын кеңсесинде күнүнө элүүдөй киши кезекке турууда. Басымдуу бөлүгүн жаштар түзгөн бул эмгек мигранттарын Түркияда акыркы кездери түзүлгөн жагдай деле анчалык коркутпаган сыяктуу.

Түркиядан иш табууну көздөгөн 22 жаштагы Төлөбек Сабырбек уулун Түркиядагы коопсуздук маселесинен мурда жолго кетчү чыгым көбүрөөк ойлонтуп жаткан экен:

- Мурда Казакстанга барып келгем. Азыр бошмун. Тааныштардан Түркия тууралуу угуп, барайын деп жүргөм. Азыр визага 250 доллар табышым керек. Кичине кыйналып жаткам. Өзүң түз жүрсөң терорристтерге кошулбайсың да. Жардыруулардан кудай сактасын. Бирок биз отелдин ичинде иштейбиз да. Ал жакка бирөө бомба алып кирбесе керек, корксоң эч жакка чыкпай отура бересиң да.

Нарын
Нарын

Түркияда убактылуу иштеп келүүнү каалаган Тамара Баялиева былтыр бир фирма аркылуу барып, эмгек акысын ала албай калган. Ошого карабай быйыл барып, иштеп келүүгө камданып жатат.

- Өткөн жылы биздин окуу жай Бишкек шаарындагы “Билим сервис” деген агенттик аркылуу келишим түзүп, Түркиянын Кемер шаарына барганбыз. Төрт кыз элек Мен ал жакта барда иштедим. Башында айлыгымды 350 доллар деп сүйлөшүп, үч ай алдык. Андан кийин эле биз иштеген мейманкананын кожоюну каза болуп калды. Берки кызматкерлер болбогон шылтоолор менен акыркы айда иштеген айлыгыбызды бербей койду. Күтпөй эле Кыргызстанга келе бердик. Артыңардан салып жиберебиз дешкен. Андан бери беш ай өттү. Дагы эле алалбай жүрөбүз. Ошондо биз сыяктуу эле “Лина Тур” деген агенттик менен баргандардын баары акчасын толук алышкан. Азыр ошолор аркылуу кайра Түркияга барып иштеп келүүнү чечтим.

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы келишимдерге ылайык, кыргызстандыктар Түркияда визасыз 90 күн жүрө алышат. Андан ашкандан кийин виза талап кылынат жана мигранттын ал жакта жумуш иштөөсү үчүн түркиялык расмий бийликтин уруксаты керек.

Каалоочуларды эмгек сапарына “Лина тур” агенттигинин Нарындагы кеңсеси даярдап жатат. Анын башчысы Халюк Атлы эмгек мигранттары үчүн толук жоопкерчилик аларына ишендирди:

- Өткөн жылдын аягында Түркия Орусиянын учагын атып түшүрдү деген себеп менен эки өлкө ортосундагы мамиле бузулду. Мунун кедергиси Кыргызстанга да тийип жатат. Бирок Түркияга жылына 20 миллион турист эс алганы барат. Анын 5 миллиону орустар болчу. Биз менен кетип Сирияга өтүп кетет деп эч ким шектенбей эле койсо болот. Анткени бизде бардыгы легалдуу, жоопкерчиликти моюнубузга алабыз.

Москава менен Анкаранын мамилеси бузулганга чейин Түркиянын курорттору орус туристтеринин арасында популярдуу болчу.
Москава менен Анкаранын мамилеси бузулганга чейин Түркиянын курорттору орус туристтеринин арасында популярдуу болчу.

​Бул турагенттик ушинтип ишендиргени менен, ар кандай ыктымал тобокелдиктердин алдын алуу максатында атайын кызматтар иштеп жаткандыгын Нарын облустук ишки иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн башчысы Руслан Осмоналиев билдирди:

- Биз бул агенттиктин лицензиясын өз көзүбүз менен көрүп, тааныштык. Мамлекеттен алган уруксат кагазы бар экен. Бирок булар жакынкы эки күндөн бери Нарындан Түркияга ишке орноштурабыз деп жумушчуларды тандап жатат. Ошол эле убакта облус боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Дүйнөдө кырдаал күчөп турганда, башка жакка барбай эле, өз жерибизде иштесеңер болот деп айтуудабыз. Бул жактан деле иштеп, акча тапса болот. Турагенттик боюнча иши мыйзамдуубу, бизди алдап кетпейби деп сурагандар болду. Биз аларга чет жакка барганда коопсуздугуна эч ким кепилдик бере албай турганын айттык. Туура түшүнүү менен кабыл алышты.

Буга чейин Нарындан Түркияга мигранттар тааныш-билиш аркылуу Бишкек шаарындагы агенттиктер аркылуу барышчу. Туристтик жаңы фирманын Нарында пайда болушу Түркияга барып иштөөгө ынтызарлардын көбөйгөнүнөн кабар берет.

Нарын облусу Кыргызстандагы чет өлкөлөргө эмгек миграциясына калкы аз кеткен аймак катары саналат. Буга чейин Орусияда иштеп жүргөндөрдөн "кара тизмеге" илинип, ишсиз отуруп калгандар да аз эмес.

Шерикбек Акимов 25 жылдан бери Түркиянын Анталия шаарында турат. Elit.Turkey деп аталган курулуш жана кыймылсыз мүлк саткан компаниянын ээси. Ишкер "Азаттыкка" курган маегинде Түркия Орусиядагыдай жүз миңдеген эмгек мигранттарын иш менен камсыздай албайт деген оюн айтты.

please wait

No media source currently available

0:00 0:07:07 0:00

XS
SM
MD
LG