Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:35

Нарындыктар митингге чыгуу оюнан кайттыбы?


Депутаттар менен жолугушууга келгендер. 26-январь, 2016-жыл
Депутаттар менен жолугушууга келгендер. 26-январь, 2016-жыл

Өкмөт тоолуу аймактарга жеңилдиктерди кыскартуу чечимин артка чакыртып алгандан кийин, Нарында 27-январга белгиленген митинг өтпөй калды.

Жогорку Кеңештин башкаруучу коалициясындагы КСДП жана “Ата Мекен” фракцияларынын лидерлери баштаган депутаттар тобу Нарын шаарында шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүп, бийик тоолуу аймактарга жеңилдиктер жана милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы өкмөттүн акыркы чечимдерине түшүндүрмө беришти.

Буга чейин нарындыктар ушул маселе боюнча 27-январга нааразылык акциясын пландап жаткан.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев баштаган депутаттар тобу менен нарындыктардын жолугушуусу Нарын облустук жаштар ордосунун жыйындар залында өттү. Эки жүздөй киши катышкан жолугушуунун негизин бир күн мурда кыргыз өкмөтү артка кайтарып алган тоолуу аймактардагы жеңилдиктерди кыскартуу демилгесине байланыштуу пикирлер түздү. Мыйзам долбоорунун айланасында борбордо кабыл алынган акыркы чечимге депутат Өмүрбек Текебаев мындай түшүндүрмө берди:

Эл менен жолугуу үчүн келген депутаттар
Эл менен жолугуу үчүн келген депутаттар

- "Мурун мыйзам кабыл алынып калган экен, бийик тоолуу шарттагы жеңилдиктиктер туура эмес эсептелген. 1700 метр бийиктикте жашагандар да бул коэффициенттерди алып жүрүшкөн экен" деп министрлер аракет кылууда. Бирок биз, депутаттар мыйзамды жокко чыгарып жатабыз. Бизге кире элек мыйзамды кечээ өкмөт башчы кайра кайтарып алды. Негизи бюджетибиз тартыш, муну баарыбыз эле билебиз, бирок карапайым элдин чөнтөгүнө кол салбай, башка жолду издеши керек да. Завод-фабрикаларды куруу менен экспортту көбөйтүп дегендей.

Жолугушууга катышкандар өкмөттүн акыркы чечимин сооротуу катары кабыл алышып, мындай ойлорун мыйзам долбоорунун парламенттин тиешелүү комитетинде биринчи окууда кабыл алынгандыгы менен негиздешти.

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков бул долбоор Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына келбегендигин билдирди:

Ат-Башы
Ат-Башы

- Мыйзам долбоору комитетте кабыл алынган. Комитетте 10 киши отурса, ал эми жалпы депутаттардын саны 120 киши. Муну туура түшүнүңүздөр. Бул Жогорку Кеңешке кирген жок.

Жолугушууда автоунаага милдеттүү камсыздандыруу, электр энергиясына баанын көтөрүлүшү, айыл чарба азыктарынын арзандашы өндүү маселелер да көтөрүлдү. Коомдук активист Эркин Асаналиев башкаруучу коалициядагы фракция өкүлдөрүнө кайрылып, бийликтегилерди элди нааразы кылбаган чечимдерди кабыл алууга чакырды:

- Биз алты жыл мурунку Бакиевдин бийлигинин экинчи сериясын көрүп жатабыз. Эмнеге ушул мыйзамдарды министрликтер сунуштап жатат? Бул күлкү келтирерлик мыйзам. Элди толкутпай өзүңөр эле чечип койсоңор болот эле да. Качан митинг, пикет болот дегенде эле көңүл бура каласыңар. Силер митингдин артынан эле келбедиңер беле.

Жыйында коомдук активисттердин дагы бири Бактыгүл Жумабаева өкмөттүн акыркы чечими нарындыктардын нааразылык акциясына чыгуу оюнан кайтарганын билдирди:

- Бул жалпы нарындыктардын маселеси болчу. Анда биз Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт башчылар келсин деген талап койгонбуз. Келип, жооп беришти. Эртең митингге чыкканга негиз жок. Буюрса, маселебиз оң жагына чечилди.

Ошентсе да жыйынга катышкандар арасында мурда болжолдонгон нааразылык акциясына катышууга үндөгөндөр болду. Буга чейин 27-январда Нарында нааразылык акциясы өтөрү кабарланган. Тоолуу аймактарга жеңилдиктерди алып салуу долбоору сунушталгандан бери Ат-Башы районунда эки ирет нааразылык жыйыны өткөн.

XS
SM
MD
LG