Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:02

Бала бакчанын "устуканга" тартылган жери


Кашкар-Кыштактын бала бакчасынын жерине салынган үй. 3-февраль, 2016-жыл
Кашкар-Кыштактын бала бакчасынын жерине салынган үй. 3-февраль, 2016-жыл

Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндө Кенжекул айылындагы жалгыз бала бакчанын жери менчикке берилип кеткени ачыкка чыкты.

Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Кенжекул айылынын башчысы Адыл Досонов бакча бакчанын жетекчиси Замира Саитова бакчага таандык жерди бир туугандарына бөлүп бергенин айтып чыкты.

Учурда айыл башчы бала бакча жетекчисинен жерди бошотуп коюуну талап кылууда. Бала бакчаны 1986-жылдан бери башкарып келаткан Замира Саитова болсо минтип жүйө келтирүүдө:

- Туура эмес да ушу. Бир эл, бир журтпуз. Бул жер сатылган учурда бакча иштебей турган. Буга менин тиешем жок. Мыйзам чегинде өздөрү беришкен. Мына мен иштеп атам, бакчаны мыктай кылып оңдоп койгом. Кирип көргүлө.

Бакча башчынын келини Айгүл Кожобаева болсо жерди мыйзам чегинде 2002-жылы эле сатып алганын айтууда:

- Үйдүн документтери бар. Бул жерди биз жөн эле ээлеп алган жокпуз. Айыл өкмөттөн 2002-жылы сатып алганбыз. Ошол учурда бакча иштебей турган. Кийин биз үй куруп киргенден кийин бакча иштей баштады.

Замира Саитова бала бакчаны 30 жылдан бери жетектейт.
Замира Саитова бала бакчаны 30 жылдан бери жетектейт.

1968-жылы курулган бала бакчанын баштапкы жер аянты 53 сотых болгон. Учурда 15 сотых Замира Саитованын бир тууган инисине, сегиз сотых бир тууган сиңдисине, дагы төрт сотых азыр издөөдө жүргөн мурдагы айыл өкмөт Иномжан Абдрасуловдун таанышына өтүп кеткен.

Кенжекул айылынын башчысы Адыл Досоновдун айтымында, бала бакчанын жери Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүн Иномжан Абдрасулов башкарган учурда сатылган.

- Бакчанын 15 сотых жерин бакча башчы Замира Саитованын бир тууган иниси Мирбек Саитов, сегиз сотыхты сиңдиси Зарипа Саитова алган. Дагы бир жагы ошол кездеги айыл өкмөт башчы Иномжан Абдрасуловдун жакын таанышы Акылбек Үсөбаевге тийген.

Кенжекул айылдык бала бакчасынын жерин элге кайтаруу боюнча сот иштери былтыртан бери уланууда. Кара-Суу райондук жана Ош облустук соту бала бакчанын жери мыйзамсыз сатылган деп табышкан. Соттук териштирүүлөрдүн бүтпөй жатканынан улам Кашкар-Кыштак айыл өкмөтү Кенжекул айылдык бала бакчасын чоңойтуп, кайра куруу планын ишке ашыра албай турат. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Матазим Абдуллаев:

Кашкар-Кыштактагы бала бакча
Кашкар-Кыштактагы бала бакча

- Биз өз каражатыбыз менен Кашкар-Кыштактан Кенжекулга бара турган жолду асфальттадык. Кенжекулга үй-бүлөлүк дарыгерлер үйүн куруп атабыз. Айылда эл да көбөйдү. Балдар бакчага батпай шаардыкына барып жатышат. Кенжекулдун бала бакчасын бузуп, ордуна бардык талапка жооп берген жаңысын курууга чамабыз жетет. Бирок бала бакчанын иши сотто болгондуктан курулуш баштай албай убарабыз. Анткени бала бакчанын мамлекеттик каттоосу да жок экен. Алгач кагаздарын ырастоо керек.

Курулганына жарым кылымдан ашкан бала бакчада азыр 60 бала тарбияланат. Учурда талашка түшкөн бала бакчанын 26 сотых гана жери калган. Бала бакчага караштуу жердин 15 сотыхына ээ болгон Айгүл Кожобаева улуттар аралык кастык жаратууга айыпталып, издөөдө жүргөн Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Иномжан Абдрасуловдун өкүл кызы экени айтылууда. Учурда бала бакчанын жерин сатууга жол бергендиги үчүн Иномжан Абдрасулов баштаган бир дагы аткаминердин аракетине укуктук баа бериле элек.

Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдарда көпчүлүк бала бакча имараттары менчиктештирилип кеткен. Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө 700гө жакын бала бакча жетишпейт. 2010-жылдан кийин өлкөдө менчиктештирилип кеткен бала бакчалар боюнча мекеме аралык комиссия түзүлгөн.

Өткөн жылдын июнь айында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы Кыргызстанда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 26, өз багытында иштебей келаткан 27 бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылганын кабарлаган. Мектепке чейинки билим берүү мекемелерин текшерүүнүн натыйжасында 51 кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG