Америкалык режиссер Тим Миллердин “Дедпул” тасмасы Кыргызстанда көрсөтүлбөй калды. Бул тууралуу Бишкектеги “Синематика” кино таратуу түйүнү өзүнүн Facebook тармактагы баракчасына жазып чыкты. Анда коомчулукка чыгарууга болбой турган жеке маалыматтар себеп болгону жана кинону көрсөтүүгө бир топ аракет жасалганы белгиленген. 3D форматында тартылган “Дедпул” фантастикалык тасмасы Бишкектин кинотеатрларында 11-февралдан тартып көрсөтүлмөк.
Буга чейин “Номер 44” тасмасына Орусиянын Маданият министрлиги тарабынан тарыхый фактыларды бурмалап, советтик адамдын образын бузган деген жүйө менен тыюу салынгандан кийин, ал фильм Кыргызстанда да көрсөтүлбөй калган.(КЕ)