Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:31

“Номер 44” кыргыз көрүүчүлөргө жетпеди


“Номер 44” тасмасы
“Номер 44” тасмасы

Орусияда тыюу салынган “Номер 44” тасмасы Кыргызстанда да көрсөтүлбөй турган болду.

“Номер 44” тасмасына Орусиянын Маданият министрлиги тарабынан тарыхый фактыларды бурмалап, советтик адамдын образын бузган деген жүйө менен тыюу салынган эле. Бул кабар Кыргызстанга келе турган чет элдик фильмдер кимдер тарабынан көзмөлдөнөт деген суроону жаратты.

Тасманы англиялык жазуучу Том Роб Смиттин “44 бала” деген алгачкы романынын негизинде АКШ, Британия, Чехия, Румыния өлкөлөрү биргеликте тарткан. Анда өткөн кылымдын 50 - жылдары кырк төрт баланын өлүмүн тергеген советтик чалгынчынын башынан өткөргөн окуялары сүрөттөлөт.

Коомдук ишмер Динара Ошурахунова аталган тасманын Кыргызстанда көрсөтүүгө тыюу салынышын сынга алгандардын бири:

- Орусияда ал фильмди көрсөтүүгө тыюу салынгандан кийин эмнегедир Кыргызстандагы кино таратуучу компаниялар да аны көрсөтпөй калганы кызык болду. Мындан улам менде "биз эмне Орусиянын бир губерниясыбызбы же алардын аймагында жашайбызбы?" деген ой калды.

Тасмадан алынган кадр.
Тасмадан алынган кадр.

Укук коргоочу тасманы көрсөтүүдөн алып салуу менен көрүүчүлөрдүн ага болгон кызыгуусу ого бетер күчөйт деген ойдо:

- Кызыктырып туруп алып салганы түшүнүксүз. Балким бул кино көрсөтүлгөндө, балким ага эл деле топурап бармак эмес. Бирок тыюу салуу менен тасмага чоң жарнама жасап беришти. Эл ичинде азыр бул фильмди көрүүгө куштар болгондор көбөйүп жатат. Адамдын психологиясы ушундай эмеспи. Эмнени жашырсаң, ошону билгиси келет. Менимче, тасманы тынч эле көрсөтүп койгондо болмок. Көпчүлүк адамдар анын артында саясат бар же жогуна маани деле бермек эмес, - деди Динара Ошурахунова. ​

Маалымат булактарында кабарлангандай, аталган тасманы Кыргызстанга Бишкектеги “Синематика” кино таратуу түйүнү алып келмек. Фильмди таратууга Орусия тыюу салгандан кийин аталган компания Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына "Централ Партнершип" “Номер 44” тасмасын Кыргызстанга прокат кылуудан баш тартканын жазып чыкты.

"Номер 44" тасмасынын трейлери

Кино саясатпы же искусствобу?

"Централ Партнершип" - орусиялык компания. Ал чет элдик фильмдерди которуп, Орусияга жана мурдагы постсоветтик өлкөлөргө таратуу жаатында иш жүргүзөт. Анткен менен Мамлекеттик “Кыргызфильм” фондунун директору Урмат Айталиевдин айтымында, учурда Кыргызстанда чет элден кино алып келе турган бир нече компаниялар иштейт.

- Биздин өзүбүздүн прокат системабыз да алып келет. Кинотеатрлар кино базарга өз-өзүнчө катышат. Ошол эле учурда бул тармакта иштеген эл аралык деңгээлдеги түйүндөр да бар. Чет элдик кино студиялардын өкүлчүлүктөрү да иштейт.

Тасмадан алынган кадр.
Тасмадан алынган кадр.

Урмат Айталиев чет элден келе турган фильмдер жергиликтүү Кино иштери боюнча атайын департамент тарабынан Кыргызстандын ичинде жүгүртүлүүгө уруксат кагазын алгандан кийин гана көрсөтүлөрүн белгиледи. Ошол эле учурда Мамлекеттик кинопрокат түзүмү сырттан, маселен “Номер 44” сыяктуу фильмдерди өз алдынча алып келбесин айтты:

- Бул коммерциялык фильм. Биз мамлекеттик орган болгондон кийин, көбүнчө социалдык багыттагы тарбиялык мааниси бар фильмдерди гана алып келүүгө милдеттүүбүз. Ошол эле учурда коммерциялык тасмалардын наркы да өтө жогору турат.

Өз сөзүн бекемдеш үчүн Айталиев акыркы мезгилде өздөрүнүн мекеме тарабынан балдар үчүн “Мадагаскар 3” анимациялык фильми кыргыз тилине которулуп, чоң экрандан көрсөтүлгөнү жатканын, андан сырткары Орусия менен Казакстандан социалдык долбоор катары Улуу Жеңиштин жетимиш жылдыгына карата жыйырмадан ашык тасма алынып келингенин айтты.

Жанры боюнча триллер жана драмалуу “Номер 44” тасмасы Орусия тарабынан совет адамынын образын бузган деген жүйө менен тыюу салууга учураганы айтылууда. Режиссер Талип Ибраимовдун айтымында, негизинен ар бир тасмага саясий өңүттөн эмес, искусство катары баа берүү зарыл. Бирок учурда постсоветтик өлкөлөрдө коом ага даяр эмес:

- Кээ бир фильмдерди көргөнгө Орусияда деле, бизде деле коом анчалык даяр эмес. Эстетикалык деңгээл начар. Илгери совет убагында биз тыюу салынган тасмаларды көп эле көргөнбүз. Бирок биз ал фильмдерди искусство катары көрчүбүз да.

Тасманы жаратууга негизги өзөк болуп берген “44 бала” деген романы үчүн Том Роб Смитке 2008-жылы британдык жазуучу-криминалисттердин Ян Флеминг атындагы "Болот канжар" сыйлыгы ыйгарылган.

“Номер 44тү" тартууга жалпы жонунан 50 миллион доллар каражат жумшалганы айтылууда. Учурда бул тасма коңшу Казакстанда да көргөзүлбөй турганы маалым болду.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG