Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:30

Орус оппозициясы ырдай баштады


Соңку мезгилдерде Москвада жана Орусиянын башка ири шаарларында өкмөткө каршы демонстрациялар улам күчөгөндүктөн, интернетте Владимир Путиндин режимине каршы жазылган ырлардын топтому пайда болду.

“Ак альбом” деп аталган ырлар жыйнагында атактуу ырчылардан тарта катардагы күйөрмандарга чейинки Путиндин 12 жылдык башкаруусунан тажап бүткөндөрдүн аткаруусунда 230 ыр бар.

Орус оппозициясы ушул аптанын башындагы массалык демонстрация – “Миллиондор маршынан” кийинки тыныгуу тууралуу кабарлады. Эми бийликке нааразы болгондорду оппозиция октябрда гана массалык демонстрацияга чакырат.

Бирок бул “диссиденттер тынчып калышты” дегенди билдирбейт.

Жайкы саясий активдүүлүктүн эң төмөн түшкөн мезгилинде баары бир эл ичинде каршылык маанайды сактап туруу үчүн интернетте алар оппозициялык ырлардын топтомун жарыялашты.

“Ак альбом” деп аталган пластинкада былтыркы парламенттик, быйылкы президенттик шайлоолордун жыйынтыктарына каршы чыккан оппозициянын эн белгисине айланган ак лента тартылган.

Азыр айрым атактуу ырчылар, жазуучу-акындар оппозициялык кыймылга кошулуп жатышат. Бирок долбоордун авторлору профессионал музыканттар Александр Липницкий менен Василий Шумовдун айтымында, дагы эле орусиялык ырчылар бийликке каршылык көрсөткөндөрдүн катарын толуктагандан оолактап турушат.

Баянды толугу менен бул жерден угуңуз:
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:38 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG