Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Казакстанда "пара тасмасы" чыккан коллеж директору иштен кетти


Түштүк Казакстан облусундагы коллеждин Нуржамал Жанбосынова аттуу мугалими баа үчүн студенттеринен пара сураганы боюнча видео тасма тарап кеткен соң бүгүн аталган окуу жайдын жетекчиси кызматтан кеткени белгилүү болду. Облустук билим берүү башкармалыгынын өкүлү Баянгал Жумабаевдин "Азаттыктын" казак кызматына айтышынча, ал "өз ыктыяры" менен жумуштан кеткен. Бир күн мурда анын орун басары да иштен бошогон.

Аталган облустагы Түлкүбас районунда жайгашкан Туризм жана агробизнес коллежинин математика мугалими сессия учурунда студенттерден пара сураганы тартылган тасма интернеттеги социалдык тармактарга 11-февралда тарап, казак коомчулугунда кызуу талкуу жараткан. Анын эртеси эле ал мугалим иштен бошотулганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG