Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:12

Орусия кыргыз банктарына ишенбейт


Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Нурсулу Ахметова президенттин кабыл алуусунда.
Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Нурсулу Ахметова президенттин кабыл алуусунда.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна которулган 350 миллион доллардын 265 миллиону төрт пайыз үстөк менен орус банктарына берилиши парламентте кызуу талкуу жаратты.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна бөлүнгөн 350 миллион доллардын 265 миллион доллары Орусиянын банктарында сакталып турат. Бул тууралуу фонд башчысы Нурсулу Ахметова парламенттин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, орус тарап Кыргызстандын банктары ишенбей, фонддун каражатын депозит түрүндө өз банкында сактоону чечишкен.

Орусия бергенин кайра алабы?

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкаруу кеңеши кабыл алган мындай чечим Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинде кызуу талкууга алынды. Комитет төрагасы Аскарбек Шадиев мамлекет башчысы Орусияны араң көндүрүп алган акчаны орус банктарында сактоо туура эмес экенин белгилейт.

- Фондго бөлүнгөн акчанын 265 миллион доллары төрт пайыздык үстөк менен кайра эле Орусиянын банктарына берилип кетиптир. Биринчиден, бул акчаны Алмазбек Атамбаев чоң талаш-тартыш менен алып келген.

Ошого жараша Кыргызстандын экономикасы үчүн иштетилиши керек эле. Өлкөгө келген акчанын 76 пайызын кайра аларга берген туура эмес. Төрт пайыз менен биздин банктар деле иштетмек.
Аскарбек Шадиев

Парламент комитети бул жагдайды чукулунан териштирүү үчүн өкмөткө протоколдук тапшырма берди. Деген менен фонддун башкармалыгынын мүчөсү Бакыт Курманбеков аталган каражаттар орусиялык банкта мыйзам чегинде убактылуу гана сакталып турганын айтууда. Анын ишендиришинче, мындай ири сумманы кыргыз банктары сактай албайт.

- Орусиянын банктык эсептеринде жаткан каражат көбүрөөк киреше алып келет. Анын үстүнө биздин банктардын капиталы аз болгондуктан мындай акчаны сактай алышпайт. Биз улам долбоорлорду бекиткен сайын бул акча графиктин негизинде которулат. Фонддун акчасы уурдалган жок. Мындай практика дүйнөдө кенен колдонулат. Фонддун акчасын бир эле Орусиянын эмес, эл аралык банктарда да сактаса болот.

Фонд Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин өлкө экономикасын колдоо максатында түзүлүп, уставдык капиталы 1 миллиард доллар болору айтылган. Бирок кийин баштапкы сумма эки эсе кыскарып, Орусия убада кылган 500 миллион доллардын 350 миллиону Кыргызстанга которулган.

Фондбу же банкпы?

ЖИА бизнес бирлигинин башчысы Умбриэл Темиралиев кыргыз-орус өнүктүрүү фонду коммерциялык банкка айланганын айтууда. Анын пикиринде, экономикасы каатчылыкка кептелген Орусия Жогорку Нарын каскаддары сыяктуу эле фондду каржылоодон баш тартышы да толук мүмкүн.

- Орустардан акча чыгара албай калышыбыз да мүмкүн. Мен билгенден директорлор кеңешинин жыйынында алар акча бербейбиз деп ачык эле айтышты. Анткени туруктуу экономикалык долбооруңар жок экен деп жатышат. Бир сөз менен айтканда, тобокел учурда турабыз. Себеби, Орусияда экономикалык абал курч. Азыр алар бир да доллар сыртка чыгаргысы келбейт. Минтип отурса, акчаны кийин беребиз же бербейбиз деп коюшу да мүмкүн. Анткени Нарын ГЭСинен көрбөдүкпү.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду берген маалыматка ылайык, ушул кезге чейин ишкерлерден 57 миллион долларлык ар кандай долбоорлор кабыл алынган. Аталган каражаттар орто жана чакан ишкерликти өнүктүрүүгө багытталган. Анткен менен кыргыз ишкерлери фонддон каражат алуу машакат экенин айтып, насыя берүүнүн шарттарын жеңилдетүүнү талап кылып келишет. Фонд ишкерлерге 12% үстөк менен беш жылга насыя берет.

XS
SM
MD
LG