Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Өнүктүрүү фонду өнүгө албай убара


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна кырктан ашык долбоор келип түштү. Бирок фонддон билдиришкендей, көпчүлүк долбоорлордун экономикалык негиздемелери так болбой, жалпы сунуш каттары чийки болгондуктан, кайра иштеп чыгууну талап кылууда.

Ал арада ишкерлер өнүктүрүү фондунан каражат алуу дээрлик мүмкүн эмес экенин айтышууда. Себеби фонд суммасы 3 млн. доллардан жогору турган долбоорлорду гана каржылай турганын билдиргендиктен, ишкерлердин чакан жана орто бизнес долбоорлору каралбай калууда.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна өткөн аптада дагы 100 млн. доллар келип түштү. Ошентип, азыр фонддун казынасында мурда макулдашылган 500 миллон доллар капиталдын 250 миллион доллары топтолду. Анткен менен фонд азырынча бир да долбоорду каржылай элек. Акыркы маалыматтарга караганда каржылоо август айында башталчудай. Буга чейинки каржылоону май айында баштоо убадасы аткарылбай калышын фонд өкүлдөрү бир нече себептер менен түшүндүрүп жатышат. Алардын бири фондду каттоонун юридикалык документтеринин бүтө электигине байланыштуу. Өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү Бакыт Курманбеков билдиргендей, келген долбоорлордун чийки болуп жатышы да каржылоого кедергисин тийгизип жаткан өңдүү:

- 40тан ашык долбоор келди. Көпчүлүгү турак жай, курулуш, айыл чарба тармагына, туризм жана башка тармактарга тиешелүү. Тилекке каршы, сунуштардын көбү ийне-жибине чейин иликтенбей, экономикалык негиздемелери так болбогондуктан, кайра иштеп чыгууну талап кылууда.

Фонд агро өнөр жай, кайра иштетүү, тигүүчүлүк, инфраструктура жана тоо-кен тармактарына 3 миллион доллардан кем эмес долбоорлор үчүн насыя берүүнү максат кылууда. Жергиликтүү ишкерлер фонддун ушундай шарттары аркылуу өз долбоорлоруна колдоо болорунан күмөн санап турушат.

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

Жаш ишкерлер ассоциациясынан аткаруучу директору Руслан Акматбек мындай деди:

- Бизден долбоорлорун сунуштагандар бар. Биз алар менен жолгушуу уюштурдук, сүйлөшүп жатабыз. Бизди кооптондурган нерсе - Кыргызстанда көбү орто жана чакан ишканалар да. ЕАЭБге кирип жатканда айыл чарба, текстиль, тышкы соода деп багыт алганбыз. Ал эми бул тармакта көбү орто жана чакан ишканалар экенин унутпасак. Аларга 3 млн. доллардын тегерегиндеги долбоорду ишке ашыруу өтө оор.

Каржылоочу насыянын суммасынын көптүгү иштин кечеңдешине таасир этип жатат деген оюн Жогорку Кенештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Улукбек Кочкоров билдирди:

Улукбек Кочкоров
Улукбек Кочкоров

- Мына бир топ убакыттан бери 100 млн. доллар келген, бирок иштетилбей эле турат. Эгерде акчаны кармап отура турган болсо, анда иштеши да күмөн. Анан 3 млн. доллардан төмөн долбоорлорду карабайбыз деген жобо да туура эмес болуп атат. Себеби чакан бизнестеги ишкерлерге мүмкүнчүлүк бериши керек. Ошого ылайык күрөө бериши керек, андай бизнесмендерди колдун манжасы менен эле эсептеп койсо болот.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жобосуна ылайык, 3 млн. долларга чейинки насыялар коммерциялык банктар аркылуу гана каржыланышы керек. Насыялар доллар жана сом аркылуу берилери аныкталганы менен, азырынча үстөк пайыз канча болору белгисиз. Ал эми өнүктүрүү фондуна банктарды көзөмөлгө алууга мүмкүнчүлүк берилүүдө.

XS
SM
MD
LG