Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Көз жаздымда калган зомбулук


Иллюстрация (Үсөн Акундун сүрөтү)
Иллюстрация (Үсөн Акундун сүрөтү)

Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызтанда ар бир жыйырма бешинчи аял сексуалдык зомбулуктун курмандыгы болот.

Бишкекте кыз-келиндерге карата жасалган зордук-зомбулукка каршы 4-мартта Ак үй алдында акция өттү.

Акцияга 17 жаштагы Динара Нурманбетова да катышты. Ал белгилүү ишкер, 80дин кырындагы Райкан Алкановдун сексуалдык зомбулугунун курмандыгы болгонун айтууда.

Динаранын ишендиришинче, Алканов аны алгач ирет 13 жашында зордуктаган. Кыз ал окуяны жакындарынан коркуп, жашыргандыктан милицияга билинген эмес.

- Ошол жылы атам кайтыш болгон. Алканов үйгө куран окутканы келип, түнөп калды. Апам башка бөлмөдө болчу. Бир маалда Алканов мени чакырып, көзүнө дары тамызууну суранды. "Чоң ата" деп эч нерседен шектенген эмесмин. Барсам ийинимден тартып төшөккө жаткырып зордуктай баштады. Аябай ыйлап, эч кимге айткан жокмун. Ошондон кийин Алканов мени акча менен алдап, жыныстык катнашта болуп жүрдү. Мага төрөп бересиң, чет өлкөгө кетебиз дечү.

Сот системасын реформа кылбасак, мындай жосундар улана берет. Кыз-келиндер жөн эле курмандык болуп жатат.
Төлөкан Исмаилова

Динара 30га чукул кыз-келин менен Ак үй алдына чыгып, жогорку бийликке муңун жеткирүүгө аракет кылды. Бирок ал 7-марттан баштап эркинен ажыратылганы турат. Анткени Жогорку Сот аны жана курбусун ишкер Алкановго кол салды деген жүйө менен беш жылга кескен. Ушундай эле берене менен Динаранын бир тууган эжеси 11 жылга соттолгон.

Эске салсак, 2014-жылдын 26-октябрында ишкер Райкан Алканов Таласта, өз үйүндө 17 жеринен бычакталган. Окуяга шектүү катары Динара, курбусу жана эжеси кармалган. Динара Нурманбетова эжеси ишкердин кыздарга карата зомбулугуна чыдабай, ушул ишке барган деп эсептейт.

Белгилүү укук коргоочу Төлөкан Исмаилова Динара сыяктуу сексуалдык зомбулуктун курмандыгы болгон кыз-келиндер четтен чыгарын айтып, мындай жосунду тезинен токтотууну бийликтен талап кылды. Ал Динара менен үч сот аткаруучунун зордугуна кабылган таластык Калия Арабекованын тагдыры өлкөдөгү адилетсиз сот системасынын курмандыгы деп эсептейт.

- Мына ишкер Алканов 13 жашар кызга бачабаздык кылган. Эми минтип аларды түрмөгө каматып отурат. Бул Кыргызстандагы соттордун сатылма экенин билдирет. Анткени олигарх акча менен баарын чечип койду. Сот системасын реформа кылбасак, мындай жосундар улана берет. Кыз-келиндер жөн эле курмандык болуп жатат.

Райкан Алканов
Райкан Алканов

Деген менен Алкановдун жактоочусу Юрий Скатневский кыздар мыйзам чегинде жазасын алганын айтууда. Анын пикиринде, кыздар ишкерди тоноп, андан соң көзүн тазалоону көздөгөн.

- Бул маселелердин бири-бирине эч байланышы жок. Соттун үч инстанциясы тең кыздардын күнөөсү далилдеди жана алар да өз кылгандарын танган жок. Күнөөсүн моюнга алышкан. Бирок алардын даярдыксыз жактоочулары кыздарды жалаа жабууга үйрөтүп жатышат. Болбосо адамча кечирим сураса, белгилүү ишкер аларды кечирмек.

“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюму жана “Республика” гезити уюштурган акцияда Кыргызстанда жүргүзүлгөн коомдук коопсуздук боюнча эл аралык иликтөөнүн жыйынтыгы да айтылды. Анда Кыргызстанда ар бир 25-аял сексуалдык зомбулукка кабылары, ар бир алтынчы аял ала качууга дуушар болору айтылат. Мындай зордук-зомбулуктар 2009-жылга караганда 30 пайызга көбөйгөн. Жыл сайын зордукталган 300гө чамалуу кыз-келиндин 30 пайызы гана милицияга кайрылат.

XS
SM
MD
LG