Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

Европарламент Орусиянын айрым журналисттерине салынган санкцияны талкуулайт


Бул тууралуу "Независимая газета" басылмасы ПАРНАС партиясынын төрага орун басары Владимир Кара-Мурзага таянып маалымдады. Кара-Мурза бул маселе боюнча Европарламенттеги эки ири: Европа элдик партиясы менен Либералдар жана демократтар альянсынын өкүлдөрү менен сүйлөшкөн.

Владимир Кара-Мурзанын бекемдөөсүнө караганда орусиялык сегиз журналистке Европага кирүүгө тыюу салуу, алардын банк эсептерин токтотуу сунушталууда. Булардын ичинде журналисттер Аркадий Мамонтов, Дмитрий Киселев бар. Өткөн жылы буларды АКШга кирүүсүнө тыюу салган “Магнитский тизмесине” кошуу сунушталган эле. Жакында эле АКШ Конгрессинин мүчөсү Илеане Рос-Лехтенен Немцовдун өлүмүнө байланыштуу “Магнитскийдин тизмесин” жаңылоо зарылчылыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG