ИИМдин мамлекеттик сатып алуулар боюнча сайтка илген маалыматына караганда сатылып алынуучу эмеректердин ичинде кресло-керебеттер да бар.
Андагы маалыматта айтылгандай, 2 миллион 995 миң сомго түрдүү үлгүдөгү 180 стол, 700 отургуч жана 146 шкаф сатылып алынат. Мындан тышкары 645 миң сом жетекчилер отуруучу 10 кресло жана 50 кресло-керебет сатып алуу үчүн бөлүнгөн. Ошондой эле ИИМ 170 миң сомго үч орундуу диван сатып алууну көздөөдө.
ИИМге эмерек сатып алуу боюнча тендер 14-мартка чейин жүргүзүлөт.(ZKo)