Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз жарандыгын берүү жана чыгаруу жөнүндөгү жарлыктарга кол койду. Анын негизинде 2439 адамга жарандык берилмекчи. Алардын басымдуу бөлүгү Өзбекстан менен Тажикстандан тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар. Ошондой эле 1010 адам жарандыктан чыгарылат. Мындай маалыматты президенттин басма сөз кызматы кабарлады. (NT)