Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Москвада укук коргоочу кол салууга кабылды


Орусияда укук коргоочуларга кол салуулар арбып баратат.
Орусияда укук коргоочуларга кол салуулар арбып баратат.

Укук коргоочу жана "Татыктуу медицина үчүн" кыймылынын активисти Алла Фролова кол салууга кабылганын "Азаттыктын" орус кызматы кабарлады. Фролованын айтуусунда, бейшембинин кечинде үйүнүн жанында эки белгисиз жигит анын бетине кичинекей бүрккүч менен калемпир кошулган суу чачкан. Ал жигиттердин "Эсиңе кел!" деген сөзүн гана эстеп калган. Укук коргоочу бул кол салуу эмне менен байланышканын түшүнө албай турат.

Фролова 2014-жылы саламаттыкты сактоо тармагындагы реформага каршы акцияларды уюштурган.

Орусияда ушул айда эле укук коргоочуларга карата бир канча кол салуу болду. Маселен, ай башында Грозныйда "Кыйноолордун алдын алуу комитетинин" жетекчиси Игорь Каляпин, 9-мартта Ингушетия менен Чеченстандын чек арасында аталган уюмдун укук коргоочулары менен орус жана чет элдик журналисттерден куралган топ кол салууга кабылган. Белгисиз адамдар алар түшкөн кичи автобусту өрттөп, өздөрүн уруп-сабаган соң из жашырып кеткен.

Орусия президентинин алдындагы адам укуктары боюнча кеңеш бул кол салууларды айыптаган.

XS
SM
MD
LG