Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:48

"Ажырашкан", "жесир" деп жазбай эле койсо..."


Кыргызстандын мамлекеттик маанилүү документтери
Кыргызстандын мамлекеттик маанилүү документтери

Ички миграциянын агымы менен жер которууда прописка институтунун талабы, балдардын жөлөк пулу, ишке орношуу, сатуу же сатып алуулардагы толгон-токой паспортко байланышкан көйгөйлөр арбын.

Ички паспортко же башкача айтканда ID документке нааразы болгондор азыркы үлгүдөгү паспорт жарандардын үй-бүлөлүк абалын жана адамдын жеке жашоосун ачыктап, тигил же бул ишке орношууда ыңгайсыз абалга алып келип жатканын айтышууда. Бишкектеги паспорт берүүчү бөлүмдөрдүн биринде иштеп, атын атагысы келбеген кызматкери жарандарга паспорт берип жатканда нааразы болгондор жеке турмушун жашыруун бойдон эле калышын каалашарын “Азаттыкка” билдирди.

- Мисалы, паспортунун мөөнөтү аяктаган бир эркек киши келип документин тапшырып, анкета толтуруп жатат дейли, албетте үй-бүлөлүк абалына келгенде аялы каза болгондугун тастыктаган справкасын көрсөтөт. Ошону менен биздин мыйзамдар боюнча ага орус тилинде “Вдовец”, кыргызча “Жесир” деп жазып паспорт беребиз. Анан паспортун алганы келгенде тиги кишинин абалын өзүңөр элестетип көргүлө. Кээ бирөөлөр ошол паспортту бетиме бир чаап басып кеткен учурлары да болот.

- Паспорттун үй-бүлөлүк абалы деген пунктунда “ажырашкан” деп жазылгандыгы үчүн эле мен өзүмдү ыңгайсыз жана күнөөлүү сезем.

“Азаттыкка” маек куруп жатып Гүлнур аттуу жаш келин жолдошу менен ажырашып, паспортун алмаштырганы менен “ажырашкан” деп жазылган өздүк документ менен жүргөнүн айтат. Ишке орношууда, Банктардан кандайдыр бир акча алууда дегеле паспорт талап кылган бардык жерде өтө кысынуу менен начар абалда калам дейт. Мындан улам жеке турмуш сыр бойдон калганы жакшы деп эсептейт.

- Паспорттун үй-бүлөлүк абалы деген пунктунда “ажырашкан” деп жазылгандыгы үчүн эле мен өзүмдү ыңгайсыз жана күнөөлүү сезем. Ишке орношууда да "ажырашкансыңбы?" деп сурашат, андан ары билесиңер биздин менталитетти эмне болуп ажырашканыңды, канча балаң бар экенин, кайда турмушка чыгып канча жыл бирге жашаганыбызга чейин сурап жиберишет. Ошондон кийин ал жерде иштегенде кандай абалда болосуң... Эми жашоо токтобойт экен да, дагы турмуш кургуң келет дегендей, кээ бир жигиттер менен таанышсаң паспортуңду сурап калса абдан ынгайсыз болосун.

Адвокат Бектур Абдыкадыр уулу паспорттогу үй-бүлөлүк шарты көргөзүлгөнү ар кандай сатыктарда, сатып алууларда, мүлктөрдү каттоодо же мурас укуктарында мамлекеттик мекемелердеги иштеген кызматкерлерге гана жеңил экенин айтат. Учурда жалпы жарандык ички паспорт бир топ реформаларга муктаж экенин, бул жаатта чынында көптөгөн түшүнбөстүктөр менен нааразылыктан башка эч нерсе жок экенин айтат.

- Бизде пропискасынан баштап жеке жашоосуна чейин талаш абдан көп. Жашаган жана иштеген жери Бишкекте болсо, пропискасы кайсы бир облуста болушу мүмкүн. Бул учурда биз катталган орду жана жашаган орду деп эки башка карашыбыз абзел, демек ал адамга ар кыл справкаларды топтогонго оорчулуктарды бербешибиз керек. Ал эми каттоо, сатуу жана сатып алуу учурларында жубайлардын нике күбөлүгүн талап кыла турган болсок, анда паспортко анын ажырашканын же жесир экенин жазып эмне калабыз, ушул бөлүктү паспорттон таптакыр эле алып салууну сунуштамакмын. Андан көрө башка мамлекеттердин тажрыйбасын колдонуп канынын тобун киргизсек көбүрөөк пайдалуу болмок. Маселен, жол кырсыгы, же жаратылыш кырсыгы дейбизби, тааныбаган адамдар да кан берүү учурларында чоң жардам беришмек да.

Ички паспортко буга чейин да өзгөртүү толуктоолорду киргизүү сунушталган, анда бир катар активисттер ички каттоо системасын, прописка институтун жоюп салууну көтөрүп чыгышкан.

XS
SM
MD
LG