Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:59

Казакстан: "Нур Отан" өзүн-өзү жеңди


Бийликтеги "Нур Отан" партиясынын угут жарнагы, Алматы, 2016-жыл
Бийликтеги "Нур Отан" партиясынын угут жарнагы, Алматы, 2016-жыл

20-мартта Казакстанда парламент менен жергиликтүү кеңештер - маслихаттарга шайлоо өттү. Алдын ала бейрасмий жыйынтыкка караганда, бийликчил "Нур Отан" 80% ашуун добуш алды. Дагы эки партия парламентке өткөнү кабарланууда.

Казакстан Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Куандык Турганкулов шайлоого добуш берүүгө укуктуу жарандардын 77% келгенин, бул буга чейин болуп көрбөгөн көрсөткүч экенин билдирди. Алматы облусунда шайлоочулардын 94% добуш берди.

Арийне "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчылары көчөлөрдү кыдырып, добушканага барбаган бир топ адамдарга да жолукту.

Казакстандык саясат талдоочу Расул Жумалы да БШК айткан көрсөткүчтөргө ишенбейт. Анын оюнча шайлоо алдында элдин кызыгуусун арттырган программалар менен дебаттардын жарышы өтүп, добушканага келтире ала турган платформалар болгон жок.

Расул Жумалы саясий активдүүлүк күчтүү Кыргызстанда да парламенттик шайлоодо эл мынчалык көп келбегенин жүйөгө тартты:

- Чынын айтканда, шайлоо көп нерсени чече койбос, аны менен өзгөрүү боло койбос деген пикир коомубузда басымдуу. Анан да ар кезексиз шайлоо болгон сайын ага болгон ишеним төмөндөп баратат. Ошон үчүн жанагыдай эл 80 пайызга чейин келди дегенге ишеним аз. Саясий жактан активдүү, атаандаштык күчтүү Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоого келген эл 50 пайыздан араң ашпадыбы. Анын фонунда биздеги көрсөткүч таң калтырат.

Талдоочунун пикирин айрым тилкелердеги добуштарды урнага топ-тобу менен таштоолор бышыктагандай. Шайлоочулардын дээрлик бардыгы катышты делген Алматы облусунда мындай бир нече фактылар видеого тартылган. Бир видеодо шайлоочу урнанын кырына толтура бюллетендерди коюп алып, камаарабай бирден салып атат. Дагы бир тобу менен бюллетень таштаган алматылык жаран маек бергенден да качкан жок.

Аларга аймактык шайлоо комиссиясы, байкоочулар кандайдыр бир реакция жасабаганы да таң калыштуу болду.

Талдоочу Расул Жумалы мындай көрүнөө мыйзам бузуу катталган тилкелерде шайлоону жараксыз деп табуу керектигин белгилейт:

- Бул таптаза мыйзам бузуучулук. Негизи бюллетень берген адам, ошол жердеги бийлик жоопко тартылышы керек. Дисциплинардык болобу, башкабы, жооп бериши зарыл. Экинчиден, бул БШК дайындаган адамдардын билип-билбейби жасаган мыйзамсыз иши. Ошондой жагдай катталган жердеги берилген добуштар мыйзамсыз деп табылышы керек.

Мындан тышкары "Азаттыктын" казак кызматы жана аларга видео-фото маалымат жөнөткөн күбөлөр тилкелерге студенттерди топтоп алып келип, көзөмөлдөп турган адамдар болгонун, бир адам бир нече ирет добуш берген жагдайлар катталганын видео-фотолор далилдейт.

Шайлоого 800дөн ашуун эл аралык байкоочу катышты. Алардын ичинен ЕККУнун өкүлдөрү пикирин 21-мартта айтат. Ал эми айрым европалык өлкөлөрдөн, КМШ мамлекеттеринен келген байкоочулар шайлоо одоно мыйзам бузууларсыз өтүп, эл ага көп келгенин белгилешти.

Казак Мажилисине кирүү үчүн партиялар кеминде 7% добуш алуулары керек. 14 облус, Астана жана Алматы шаарларынан алдын ала сурамжылоолордун негизинде бул босогону үч партия багындырганын кабарлады.

Exit-poll жыйынтыгына караганда, "Нур Отан" 82%, "Ак жол" 7,22%, Казакстан элдик коммунисттик партиясы 7,17% добуш алды.

XS
SM
MD
LG