Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Раимберди Дүйшөнбиев: Эки тарап тең чек арадагы аскерлерди кыскартты


Өзбекстан менен чектешкен Кербен-Ала-Бука жолундагы кырдаал кандай? Бул жана башка суроолорго Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси Раимберди Дүйшөнбиев жооп берди.

“Азаттык”: Раимберди мырза, Кербен - Ала-Бука жолундагы акыркы маалыматтар менен бөлүшүп өтсөңүз. Чек арада 21-мартка карата жагдай кандай?​

Р. Дүйшөнбиев: Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-өзбек чек арасын күчөтүлгөн тартипте кайтарып жатат. Кербен - Ала-Бука жолундагы Чаласарт такталбаган тилкесинде аскер кызматкерлери өзбек тараптан да, биз тараптан да турат. Кечээ түнү өзбек тарап менен ошол жактан сүйлөшүп, адамдардын санын кыскарттык. Буга чейин эки тараптан тең жыйырмадан адам турган, азыркы учурда сегизден адам турат.

Кечээ Ала-Букада базар болгонуна байланыштуу салыштырмалуу көп адамдар өттү, бирок токтотуп, өткөрбөй койгон фактылар катталган жок. Ал жерде биздин чек арачы менен өзбектер бир эле турат, аралыгы 3-5 метр.

Көзөмөл өткөрүү жайлары кыргыз-өзбек чек арасында бардыгы жабык. Бир гана штаттык режимде Баткен облусундагы Кызыл-Кыя өткөрмө жайы иштеп жатат. Ал көзөмөл жайы Сох, Шахмардан, биздин Барак экславынын жашоочулары ары-бери каттоо үчүн ачык турат.

“Азаттык”: Деги эле окуя кандай ыраатта кетип баратат, сүйлөшүүлөрдө эмне маселелер көтөрүлүп жатат, сүйлөшүүлөр кайсы жетекчилердин деңгээлинде жүрүп жатат?

Р. Дүйшөнбиев: Тышкы иштер министрлиги тарабынан нота жиберилген өзбек тарапка. Биз тараптан да, тагыраагы чек ара өкүлчүлүктөрү тарабынан кат жиберилген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин Өзбекстан расмий жооп бере элек. Ал жерде чек ара өкүлчүлүктөрү тарабынан жолугушуу күнүгө болуп жатат. Кайрадан эле өзбек тарап эмне себептен такталбаган тилкеге кирип, аскерлерин жайгаштырганын так айтпай жатат.

Биз катта тез убакытта такталбаган тилкеден чек ара аскерлерин алып чыгып кеткиле деп жазганбыз. Ошондой эле эмне себептен такталбаган участкага келишимди бузуп киргенин катта көрсөттүк. Бирок, жогоруда айткандай, эч кандай жооп ала албай жатабыз.

“Азаттык”: Айрым маалыматтарда бийлик кыргыз-өзбек чек арасына кошумча аскер күчтөрүн жөнөткөнүн кабарлады, ушул маалыматты тактап өтсөңүз. Эгер ошондой болсо канча аскер техникасы жана жоокер жөнөтүлдү?

Р. Дүйшөнбиев: Бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек участкасындагы күчтөр жетиштүү. Мамлекеттик чек ара кызматы өзүнүн күчтөрү менен кыргыз-өзбек чек арасын кайтарып жатат.

“Азаттык”: Демек кошумча күч жөнөтүлгөн жокпу?

Р. Дүйшөнбиев: Эми кошумча жумуштар бардык тиешелүү органдар тарабынан жүрүп жатат.

“Азаттык”: Сиздердин божомол менен сүйлөшүүлөр дагы канчага созулчудай?

Р. Дүйшөнбиев: Сөзсүз түрдө бул абал ордуна келиши керек. Себеби өзбек тарап келишимдерди бузуп, такталбаган тилкеге кирди. Мындай такталбаган тилкелер кыргыз-өзбек чек арасында көп. Тагыраагы 58 мындай участкалар ушу маалга чейин делимитация боло элек. Ошондуктан бул маселе сөзсүз түрдө чечилиши керек.

“Азаттык”: Такталбаган чек ара тилекелери келишимде кандай деп жазылган. Аны тараптар кандай шартта колдонуш керек?

Р. Дүйшөнбиев: Эки өлкөнүн ортосунда жана чек арачылардын ортосунда атайын келишимдер бар. Ага ылайык такталбаган тилкелерге биз дагы, өзбек тарап дагы кирбеши керек. Ал жерде атайын чек араны кайтаруу боюнча бардык маселелер каралган. Анда такталбаган жерде чек арага кирбестен кайтарабыз деп сүйлөшүлгөн. Сыртынан гана андай аймактарда байкоо жүргүзүшүбүз керек. Ошондой эле ал жерде кандайдыр бир инженердик жумуштарды, бир нерселерди орнотуу же курулуш жумуштарын жүргүзүүгө эки тараптан тең тыюу салынат. Бул нормалардын бардыгы ийне-жибине чейин келишимдерде каралган. Өзбек тарап ушул келишимдерди аткарбастан, чек араны ачыктан-ачык бузуп салды.

“Азаттык”: Расмий Ташкен чек арадагы күчөтүүлөр Нооруз майрамына байланыштуу жасалганын маалымдады. Андан башка маалымат барбы? Бүгүн мына Нооруз майрамы дагы белгиленип жатат, майрамдан кийин чек арачыларын өзбек тарап алат дегенге канчалык үмүт бар?

Р. Дүйшөнбиев: Өзбек тараптан ушундай маалыматтар жүрөт. Алар чындап эле Ноорузга байланыштуу күчөтүүлөр болгонун кабарлашууда. Эми Нооруз болгондо деле өз тарабынан андай такталбаган тилкеге кирбестен кайтара бериши керек эле. Бирок, булар ушуну бузуп жатпайбы. Эгер Ноорузга байланыштуу десе, майрам дагы бүтөт, ошондон кийин көрөбүз.

“Азаттык”: Жергиликтүү тургундарга кандай түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Буга улай буга чейин Кербен-Ала - Бука жолундагы такталбаган тилкеден өткөндөрдү өзбек чек арачылары паспортторун текшерип атышты эле, азыркы учурда абал кандай?

Р. Дүйшөнбиев: Жергиликтүү эл арасында бийлик, укук коргоо органдары, чек ара кызматы тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бирок азыркы учурда кызуу кандуулукка алдырып, туура эмес кадамдарга баргандар жок. Чек арага жакын жашаган эл чек арада өзүн алып жүрүү боюнча, ал жактагы режимди түшүнүп эле калган.

Ал эми унааларды жана жүргүнчүлөрдү токтотуп, өткөрбөй койгон фактылар болгон жок. Биздин чек арачылар менен бирге эле турушат. Дагы бир жолу айта кетейин, биздин чек арачылар 3-5 метр аралыкта эле турушат.

“Азаттык”: Рахмат маегиңизге, Нооруз майрамыңыз менен!

Р. Дүйшөмбиев: Рахмат. .

XS
SM
MD
LG