Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:07

Обама: Америка эли белгиялыктар менен тилектеш


Барак Обама
Барак Обама

АКШ президенти Барак Обама Брюсселде жардыруу уюштургандарды айыптап, Америка эли мындай оор күндө белгиялыктар менен тилектеш экенин айтты.

- Америка эли Белгиянын кайгысын бөлүшөт. Бейкүнөө адамдарга каршы багытталган бул чабуулдарды айыптаган белгиялыктар менен тилектешпиз. Дос жана өнөктөш мамлекеттин кан төгүүнун артында тургандарды таап, сот жообуна тартуу аракетине колдоо көргөзөбүз.

Барак Обама мындай билдирүүсүн Кубадагы иш сапары учурунда жасады.

Брюсселдеги Завентем аэропортунда жана Мэлбек метростанциясында 22-март күнү эртең менен болгон жардыруулардан отуздан ашуун адам мерт кетти. Эки жүздөй киши жараат алып, ооруканага түштү. Курмандыктар саны дагы өсүшү мүмкүн экени айтылууда. Бийлик окуяны теракт деп атады.

XS
SM
MD
LG