Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитовдун “Азаттыкка” билдиришинче, Майлуу-Суу шаарында тизмеде 9850 шайлоочу болсо, анын 2337си добуш берди.
Ал эми Токмок шаары боюнча ушул сааттарга карата 7762 шайлоочу келди. Бул шаарда жалпы 28 миң 490 шайлоочу бар. (AzK)