Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:27

АКШ: Капитолийде белгисиз бирөө ок чыгарды


Капитолий имараты
Капитолий имараты

Вашингтондо АКШ Конгресси жайгашкан Капитолий имаратында белгисиз киши ок атканы кабарланууда. Окуя имараттын туристтер үчүн ачылган борборунда болгон. Асошиейтед пресс агенттиги кылмышкер кармалганын, бир полиция кызматкери октон жарадар болгонун маалымдады. Учурда Капитолий жана ага жакын жайгашкан Ак үй толугу менен коопсуздук кызматтарынын курчоосуна алынды. Окуя болгон маалда Ак үйгө Пасха майрамына карата миңдеген балдар ата-энелери менен топтолуп жаткан. Күбөлөрдүн айтымында, имараттын ичиндегилерге жер төлөөгө кирүүгө үн күчөткүч менен эскертүү берилген.

Вашингтон кийинки аптада ядролук коопсуздук боюнча дүйнө лидерлеринин саммитин өткөрүүгө даярдык көрүүдө.

XS
SM
MD
LG