Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:59

Көп тил билүү көп ийгиликке жол ачат


Александр Аванесов.
Александр Аванесов.

Сиз канча тилде сүйлөйсүз? Мен орус, англис, жапон анан аз-маз испан тилинде сүйлөйм. Бириккен Улуттар Уюмунун бүткүл дүйнөдө иштеп жаткан 44 миң кызматкеринин биримин. Биздин уюмда алты гана расмий тил барына карабай, БУУнун кызматкерлери иш алып барып жаткан 190 өлкөдө кайсы тилде сүйлөшөт?

Кечээ жакында Бишкектеги Кыргыз-орус Славян университетинде өткөн эл аралык илимий-практикалык жыйында көп маданияттуу Борбор Азиядагы билим тууралуу талкуу болду. Антропологдор, социологдор, политологдор, мамлекеттик башкаруу органдарынын өкүлдөрү, андан тышкары Кыргызстандын, Борбор Азиянын, КМШнын, Франциянын, Германиянын жана башка Европа өлкөлөрүнүн адистери аймактагы билим берүү менен кагылышкан чакырыктар тууралуу сөз кылышты. Мен бул жыйындын майда-чүйдөсүнө чейин айтып отурбайын, керектүү маалыматты БУУнун сайтынан тапсаңыз болот.

Мен сиздин көңүлүңүздү башка нерсеге бургум келет: биз азыр глобалдуу коммуникация доорунда жашап атабыз. Бул өлкөлөр, континенттер аралыгы секунда жана ирмем менен ченелген убакыт. Бул коммуникациянын башкы куралы – тил. Көп тил билсең, сен үчүн дүйнө жарык, келечек кең. Андыктан азыр көп өлкөлөр көп тилдүүлүктү өз өнүгүүсүнүн негизи катары алууда.

Көп тил билүүгө кымбат курстар пайдубал болбойт. Ал шык үйдөн, бала бакчадан жана мектептен негизделет. Эң башкысы – баланы эне тил менен кошо ар түрдүү тилдерди сүйүүгө жана аларды үйрөнүүгө каалоону ойготуу керек. Жаңы тилди жашоодогу кандайдыр бир кырдаалда колдонгондон артык эргүү болбойт.

Көп тилдүү билим берүү деген эмне? Бул билим берүү жана жашоонун сапатын жакшыртуу, мүмкүнчүлүктү кеңейтүү. Көп тилдүү билим берүү дайыма баланын кан-жанына сиңген эне тилди өнүктүрүүдөн башталат. Балдар баарын бат үйрөнөт. Андыктан аларды эне тил менен кошо башка тилди да окууга көндүрүү керек.

Айтмакчы, Кыргызстанда мындай саясат азыр ишке ашууда. Билим берүү жана илим министрлиги БУУнун Балдар фондусунун (ЮНИСЕФ), БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссариаты жана башка өнөктөштөрдүн көмөгү менен 60 мектепте жана бала бакчада көп тилдүү билим берүү боюнча пилоттук программа баштады. Бул программа тил чөйрөсүнө жарым-жартылай же толук сүңгүүгө багытталган.

Программанын максаты – өлкөдөгү ар кандай этностук топту бириктирүү, аларга кыргыз тилинде сүйлөөгө жана кыргыз тили менен мамлекеттүүлүккө өз салымын кошууга жардам берүү. Ошол эле учурда программа балдарга өз эне тилин да унуттурбоону көздөйт.

Эгер балдар маалыматты бир нече тилде кабыл алса, демек алар аны жакшы өздөштүрөт, жогорку деңгээлде билим алат. Бир нече тил билүү балдардын ой жүгүртүүсүн кеңейтип, аларга көп тилдүү дүйнөдө өзүн ыңгайлуу сезгенге жардам берет.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун айткандай, “бизге балдар жана жаштар көп маданиятта сүйлөй билүүгө, адамдар арасындагы айырманы өз кызыкчылыгына жумшагандарга курмандык болбоого үйрөткөн билим берүүнү күчтөнтүү керек”. Мындай жол менен көп тилдүүлүк радикализм менен экстремизмге бут тосуп, толеранттуулуктун, өз ара түшүнүүнүн жана тынчтыкты бекемдөөнүн негизги элементи болушу керек.

Көп тилдүү билим берүү Кыргызстанда экономикалык өсүшкө жана туруктуу өнүгүүгө мүмкүнчүлүктү кеңейтет. А сапаттуу билим берүү өсүп келе жаткан жаш муундарга бирдиктүү, интеграциялуу, бардык мааниде ийгиликтүү коомду жаратууга шарт түзөт.

Кыргызстанда мен кыргызча, орусча, англисче жана жапон тилинде эркин сүйлөгөн жаштардын муунун көрүп турам. Алар өзбекчени, казакчаны, түркчөнү жакшы түшүнөт. Алар Гарвард, Оксфорд, МГУ жана башка чет өлкөдөгү абройлуу окуу жайлардан билим алууга барышат. БУУ дээрлик ай сайын кыргызстандыктарды өлкөнүн бардык бурчундагы эл аралык кызматтык орундарга чакырып турат. Эркин Касыбеков, Жылдыз Молдокулова, Медер Омурзаков, Санжар Турсалиев, Жамиля Жусаева, Салтанат Буйлашева, Рафик Камарли, Мурат Кошоев, Айнура Беккоенова, Нургуль Асылбекова, Динара Рахманова, Асель Абдрахманова, Ольга Гребенникова, Жомарт жана Лилия Ормонбековдор баштаган жаштар мага ишенип коюңуз, эл аралык деңгээлдеги адистер. Алардын баары кыргызстандык жана алардын баары көп тил билет.

Александр Аванесов, БУУнун туруктуу координатору, ПРООНдун Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү

XS
SM
MD
LG