Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:49

Обон созуп Американы кезген Эрлан


Эрлан Андашев.
Эрлан Андашев.

Бир кезде “Сүйүп калдым, кантейин?”, “Сагындырба” деген ырлары менен жаштар арасында таанылган эстрада ырчысы Эрлан Андашев үч жылдан бери АКШда үй-бүлөсү менен жашайт.

Эрлан Андашевдин аткаруусундагы "Сүйүп калдым, кантейин?" деген чыгарма бир кезде радио менен теледен байма-бай жаңырып, тойлордун хитине айланган. Ошол ырчы үй-бүлөсү менен үч жылдан бери Огайо штатында жашайт. Ал алыскы өлкөгө досторунун чакыруусу менен келип, анан иштеп, бутуна туруп кетейин деген ой менен калып калган.

- Ырдап эле жүрө бербестен, башка жумуштарда иштеп көрөйүн деп чечтим. Ушундай чоң жүк ташуучу машине айдайм деп эч качан ойлогон эмесмин. Азыр ошондой чоң машине айдап 50 штатты кыдырып жүрө берем. Мындай жумушта иштеген кыргызстандыктар көп. Бул бизге ыңгайлуу, шарты да өтө оор эмес иш деп эсептелинет. Узак жолго түшкөндө, албетте, ырдайм. Көзүм илинип баратса, кыргыз радиолорун он-лайн коюп алып, кыргыз ырларын катуу чыгарып угуп кете берем. Өзүбүз АКШда болсок да, Кыргызстандагы жаңылыктарды, ырлардын баарын угуп, эч нерседен артта калбайбыз.

Алгач Америкага келгенде Эрлан да башка бир эмгек мигранттарындай эле кыйналганын эскерет. Атургай биринчи жылы кайра эле Кыргызстанга кете берүү тууралуу көп ойлончу. Ал күндөрү ар нерсе менен алектенип жүрүп, бош убактысында Огайодогу орус ресторанда ырдап, черин жазып алчу.

- Кудайга шүгүр азыр баары жакшы. Бир гана кесибим убактылуу башка болуп жатат. Ошентсе да бул жакта деле кыргыздар көп. Алардын жакшылыктарына барып такай ырдап турам. Үйлөнүү үлпөт тойлору арбын болот. Бул жактан бири-бирин табышкан кыргыз кыз-жигиттер көп. Чикагого чейин барып алардын жакшылыктарына кызмат кылып келем. Эч качан акча сурабайм, чакырганына сүйүнүп, алыста жүрсөк барып кубанычтарына ортоктош болуп келейин деп эле барам. Чын жүрөгүмдөн ырдап берип, конок болуп келүүгө өзүм деле кызыкдармын. Бирок жолдун узактыгын эске алып, эч качан таарынтышпайт. Көңүлүнөн чыккан тыйынын берип, сыйлап кетиришет. Жалпысынан бул жактагы кыргыздар ынтымактуу десем болот.

Эрлан Андашев жубайы Перизат менен.
Эрлан Андашев жубайы Перизат менен.

​Эрлан такыр эле чыгармачылыктан алыстап кетпейин деп эки ыр даярдап, азыр үн жаздыруучу студия издеп жүргөнүн кошумчалады.

- Бул жакта иштейм десең жумуш табылат, болгону жалкоолонбош керек. Азыр рейстерим Огайо шаарына болуп калып, жума же алтынчы күнгө туш келсе сөзсүз баягы ресторанга барып ырдайм. Ал жакка чогулган орус тилдүүлөр жакшы кабыл алышат. Маселен, мен Кыргызстандан деле кафелерде иштеп, орус, англис тилдеринде ырдап көнүп калгам. Бул жактан чыгармачылыгымды улантууга болсо керек, бирок мен ага көңүл бурган жокмун. Атаандаштык бул жакта күчтүү, алардын арасынан суурулуп чыгуу оңой эмес. Ошондуктан көп убакыт коротпоюн дедим. Андан көрө акча таап, бутума туруп алайын.

Өнөр адам катары Эрлан Америкадагы шоу-бизнестин деле табиятына кызыкпаганын айтат. Анткени ал жакта таланттуу адамдар көп болгондуктан, иргелип чыгыш өтө кыйын.

- Негизи мага Кыргызстандан деле сахнага чыгууда бир аз тоскоолдуктар болгон. Ошентсе да эч кимге атаандашкан эмесмин. Ар бир адамдын өз ырыскысы болот эмеспи. Мен андай күнүмдүк нерселерге көп көңүл бурбайм. Келечекте жакшы ырларды жаратып, Кыргызстаныма эле барып ырдайм.

Эрлан жашаган Огайо штатында болжол менен 250-300 кыргыз бар. Эркектер негизинен каарманыбыз сыяктуу чоң жүк ташуучу унаа айдаса, кыз-келиндер мейманканада, ресторандарда ар кандай кызматтарда иштешет. Ошондой эле кыргызстандыктардын арасында дарыгер, жеке ишкерлик менен алектенгендер да бар.

XS
SM
MD
LG