Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Екатеринбург: Айганыштын аянычтуу өлүмү...


Айканыш үч ай бою издөөдө жүргөн
Айканыш үч ай бою издөөдө жүргөн

Екатеринбургда үч айдан бери дайынсыз жоголду деп изделип жаткан кыргызстандык 13 жаштагы кыздын сөөгү табылды.

2002-жылы туулган Айганыштын сөөгүн 4-апрелде бейтааныш адам Екатеринбург шаарынын Железнодорожный районунун аймагынан капыстан көрүп калган. Бул тууралуу орусиялык медиа каражаттары жергиликтүү тергөө комитетинин маалыматына таянып жазды. Андагы кабарга ылайык, Свердлов облусунун тергөө комитети кылмыш ишин козгоду.

ИИМдин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиевдин айтымында, кыздын өлүмүнө байланыштуу соттук-медициналык экспертиза иштери жүрүүдө. Алдын ала божомолго караганда кыз тоңуп өлүшү мүмкүн:

- Айганышты издеп жатканда анын дүкөндөн кефир уурдаганга аракет кылганы билинген. Камерадан анын дүкөндөн чыгып, жөө кетип баратканы көрүнөт. Андан ары камера жок болгондуктан, кызды таппай калганбыз. Кечээ, ошол эле аймактагы гараждардын жанынан жансыз денеси табылды. Экспертиза алдын ала тоңуп өлгөнүн кабарлады. Зордук-зомбулук көрсөтүлгөн эмес. Балким, кыз үйүнө баргандан коркуп, ошол жерде калып калган.

Экспертиза алдын ала тоңуп өлгөнүн кабарлады. Зордук-зомбулук көрсөтүлгөн эмес. Балким, кыз үйүнө баргандан коркуп, ошол жерде калып калган.
Аскат Алиев

Төрт баланын улуусу Айганыш апасынын уруксаты менен бала багуу үчүн Екатеринбургдагы тааныштарына 2014-жылы июнда эле барган. Атасы түрмөдө болгондуктан апасы Айганыш салган акча менен насыясын төлөп келаткан.

Кыздын туугандары менен байланышууга такыр мүмкүн болбоду.

Бирок Өзгөндүн Мырзаке айылында жашаган апасы мындан бир ай мурда “Азаттыкка” берген маегинде, кызды Екатеринбургда иштеген коңшуларына “акча таап келсин” деп кошуп бергенин айткан эле:

- Кыйналганымдан улам жибердим эле. Шартым оор, төрт балам бар, Айганыш балдарымдын улуусу. Күйөөм болсо камалып кеткен. Ай сайын 5 миң сомдон кредит төлөйм. Ошон үчүн кошунамдын кызына кошуп, былтыр июнда жибергем. Он бир айдай бала бакканы үчүн ай сайын 3-5 миң рублдан жиберип турушту. Андан кийин акча деле салбай калышкан. Үйгө жиберип ийгиле десек, бирде акча жок десе, бирде кошуп берчү киши жок деп отурушуп эми кызым дайынсыз.

Канат кызы Айганыш 4-январь күнү кечки саат тогуз чамасында дүкөнгө сүткө чыккан бойдон кайтып келген эмес. Ушу тапта кыздын туугандары сөөктү таанып, Кыргызстандын Екатеринбургдагы консулдугу аны Өзгөнгө жөнөтүү аракетин көрө баштады.

Орусияга иштегени барган өспүрүмдөр дайынсыз жоголуп кеткен учурлар маал-маалы менен болуп турат. Мындан бир ай мурда Москвада 16 жаштагы Диана Жураева жоголуп, он күн мурда табылган. Диана Орусияда эки жылдан бери туугандарынын баласын багып иштеп жүргөн экен. Ал он күн бою өзүнө издөө салынганын билген эмес.

- Курбу кыздарым менен кетип калгам. Үйдөн чыгып баратканда, корккон деле жокмун. Эжем издерин билген эмесмин. Келсем, интернетте сүрөтүм жайнап жүрөт. Азыр бир жумадан кийин Бишкекке кеткени турам. Өз күнөөмдү билдим. Баарын сарсанаа кылганыма өкүнөм.

Жашы жете элек өспүрүмдөр Орусияга эмгек мигранты катары көбүнчө туугандары же тааныштары аркылуу кетишет. Алар негизинен ошол эле туугандарынын кичинекей балдарын караганы, үй-жайын тазалаганы, курулуш же талаа иштерине жардам бергени барышат. Анткени жашы жете элек балдарды башка ишке албайт, ал эми тууган-уругуна жардам берип иштегени үчүн алардын айлык акысы көбүнчө айылда калган ата-энесине жиберилет. Ушундан улам, айрым ата-энелер балдарын жана кыздарын “көчө таптап, бекер жүргөнчө” аз да болсо “турмушка эртелеп бышып, акча табуу" үчүн иштегени жиберишет. Мындай тууган-уругу же тааныштары аркылуу сыртка иштегени кеткен балдардын дээрлик бардыгы билим алышпайт.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG