Нидерландыда референдум өтүүдө. Алар Евробиримдиктин Украина менен саясий-экономикалык мамилесине добуш беришет.
Белгилүү болгондой, референдум жыйынтыгы багыт берүүчү мүнөзгө ээ. Ал өкмөттү тиги же бул чечимге милдеттендирбейт.
Буга чейики сурамжылоолордо нидерланддыктардын көбү Украинанын Евробиримдикке ыктоосуна терс пикирин билдиришкен.
Украинаны Виктор Янукович башкарып турганда Евробиримдик менен жакын ымала түзүү боюнча аракеттер жүргөн. Бирок ага даярдыктын токтоп калышы менен эл толкуп, бийлик алмашылган.
Буга чейин ЕБнын 28 өлкөсүнүн 27си документти ратификациялаган.
Украина менен Евробиримдик саясий-экономикалык алакасын чыңдоосуна Орусия каршы болуп келет.