Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:28

Үңкүр-Тоо чырына Бакиевдин аты илешти


Үңкүр-Тоодо Кыргызстандын "Кербен" станциясы жайгашкан
Үңкүр-Тоодо Кыргызстандын "Кербен" станциясы жайгашкан

Интернет аркылуу Кыргызстан Үңкүр-Тоону Өзбекстандын аймагы деп тааныганы тууралуу дагы бир протоколдун көчүрмөсү жарыяланды. Буга чейин ушундай мазмундагы протокол үчүн азыркы өкмөт коомчулуктун катуу сынына кабылган болсо, эми тараган маалыматта мурдагы президент Курманбек Бакиевдин аты аталууда.

“Үңкүр-Тоону 2006-жылы эле ошол кездеги президент Курманбек Бакиев Өзбекстандыкы деп тааныган” деген аталыш менен жарыяланган макалада протокол, тиркеме жана картанын көчүрмөлөрү келтирилген. Анда ошол жылдын 23-сентябрында Ташкентте чек ара боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өткөнү, соңунда кабыл алынган протоколдо Үңкүр-Тоо “Өзбекстандын аймагында жайгашкан” деп жазылганы тууралуу сөз болууда.

Өткөн айда ушундай эле жазуусу бар протокол үчүн азыркы өкмөт катуу сынга кабылган, бирок анын чын-төгүнү белгисиз бойдон кала берген.

Ал эми бул жолу интернетте тараган протоколдун аныктыгы суроо жараткан жок. Ага кол койгон адис, эки өлкө ортосундагы чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиядагы кыргыз тараптын ошол кездеги расмий өкүлү Саламат Аламанов “Азаттыкка” комментарий берип, жарыяланган документ чындыкка дал келерин, бирок аны негизги жана акыркы аргумент катары кабыл албоо керектигин айтты:

- Ооба, протоколго кол койгонбуз. Бирок Үңкүр-Тоонун тиешелүүлүгү жөнүндө ал жерде эч кандай маселе чечилген эмес.

Канткен менен кеп болуп жаткан протоколдо Үңкүр-Тоо өзбекче Унгартепа деп жазылып турат жана ал Өзбекстандын аймагында жайгашкан деп көрсөтүлгөн.

Расмий Бишкек азыр бул жерди талаштуу тилке деп тааныйт. Өкмөттүн чек ара боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров соңку маалымат жыйынында Үңкүр-Тоо боюнча кыргыз бийлигинин позициясын төмөнкүчө билдирген:

- Үңкүр-Тоо такталбаган 58 участоктун бири. Ал жерде биздин пайдалануудагы станция бар. Бул жердеги чек ара тактала элек.

2006-жылдагы Ташкент протоколуна кол койгон Саламат Аламанов бул документ үчүн бир эле адам жооптуу эмес экенин айтып, бүгүнкү күнгө карата бирден бир негизги документ деп 1955-жылы кабыл алынган протоколду атоодо. Анда Үңкүр-Тоо өзбек тарапта экени жазылган.

- Бир киши кол коюп койсо эле ошол баарын чечип койду деген болбойт. Райондун, облустун жана республиканын жер, картография адистери изилдеп, делегациянын курамына айтып, анан ынангандан кийин гана жанагыдай документ пайда болот. Президент да, премьер да өзү каалагандай жасай албайт ал ишти. Эгер чынында эле Үңкүр-Тоо бизге тиешелүү экенин далилдеген, 1955-жылкы документти жокко чыгара турган документти табышса, анда бир жөн.

Үңкүр-Тоодо Кыргызстандын “Кербен” деп аталган радиорелейлик станциясы жайгашкан. Мындан үч жыл мурда ал жерге өзбек чек арачылары пост орнотууга аракет жасап, бирок анысынан майнап чыккан эмес.

Ал эми өткөн айда Кербен шаарынын депутаттары аларга кыргыз өкмөтүнөн Үңкүр-Тоодогу мунараны башка жакка көчүрүү тууралуу протокол келгенин айтып, ал жерде станция Өзбекстандын территориясында жайгашкан деп жазылганына нааразы болуп чыгышкан.

Өкмөт андай протокол жөнөткөн-жөнөтпөгөнүн так айткан жок. Ортодо Кербендин депутаттары жасалма протокол таратып жатат деген да версия чыгып, маселе Жогорку Кеңешке чейин жетти. Депутаттар улам чаташып бараткан бул окуяны териштирүүнү Башкы прокуратурага тапшырды. Көзөмөл орган жообун 20-апрелге чейин бериши керек.

Интернет мейкиндигине биринин артынан бири тарап жаткан протоколдорду парламенттеги оппозициялык “Республика Ата-Журт” фракциясы да өз алдынча изилдөөгө киришти. Атайын түзүлгөн депутаттык топтун мүчөсү Рада Туманбаева бардык материалдар талдоого алынарын айтууда:

- Ооба, иштеп жатабыз. Бардык жактарды караштырабыз.

Бул тема социалдык түйүндөрдө кайрадан кызуу талкууга алынып, бийлик чек ара боюнча коомчулук үчүн ачык болбой жатканы үчүн сынга кабылууда.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова маселени эми Курманбек Бакиевге байлоо аракетинен майнап чыкпасын айтууда:

- Азыркы бийлик да чындыкка бет албай жатат. Адегенде жалган деп чыгышты. Андан кийин элдин көңүлүн башка жакка буруш үчүн оппозицияны камай башташты. Акыры айласы кеткенде бул документ чыгып жатат. Эмне үчүн муну биринчи күнү эле Бакиев ушундай кылып коюптур деп чыгарышкан жок? Дагы канчасы бар экенин кайдан билебиз?

Кербен шаардык кеңеши 1-апрелде Үңкүр-Тоонун айланасындагы маселени өкмөт өкүлдөрү менен жабык талкуулап, соңунда кошумча станция куруу үчүн жер бөлүүгө макул болду. Жаңы курула турган станция ушул жылдын 1-декабрында бүтөөрү пландалууда. Ага өкмөттөн 50 млн. сом каражат каралган.

Кыргыз-өзбек чек ара сүйлөшүүлөрү учурда токтоп турат.

XS
SM
MD
LG