Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Карабак жаңжалын чечүү аргасы изделүүдө


Тоолуу Карабактагы армян аскерлери. 5-апрель
Тоолуу Карабактагы армян аскерлери. 5-апрель

2-апрелде тутанып кеткен Тоолуу Карабакта кагылыш токтотулду. Армения колдогон жикчилдер жана Азербайжан бийлиги да ок атууну токтотуу боюнча макулдашуу аткарылып жатканын ырасташты. Бул арада эл аралык коомчулук өтө опурталдуу кагылышуу кайра жанданып кетпеши үчүн аракеттенүүдө.

5-апрелде макулдашылган Тоолуу Карабакта ок атууну токтотуу негизинен аткарылып жатканын эки тарап тең ырастоодо. Кагылышуу 2-апрелде башталып, эки тарап тең ири жоготууларга учурады. Бул 1994-жылы Кыргызстандын ортомчулугу менен ок атууну токтотуу боюнча макулдашуудан берки эң олуттуу жана кандуу кагылышуу болуп калды.

Армян тарап анда 29 адамы өлүп, дагы 28 киши дайынсыз жоголгонун, ал эми жарадарлар саны 101ге жеткенин билдирди. Ошондой эле 14 танкын жоготконун кабарлады.

Азербайжан тарап 2-апрелде тутанган кагылышуунун жыйынтыгын жеңиш, армян тарапка берилген сабак катары баалап жатат.

Азербайжандын Коргоо министрлиги кагылышууда 31 аскеринен, бир тик учак жана бир танкынан ажыраганын билдирген.

Азербайжандын желеги
Азербайжандын желеги

Маалыматка караганда, 5-апрелде Москвада Азербайжан жана Армениянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штаб башчылары ок атууну токтотууну макулдашкан. 6-апрелде ал макулдашуу аткарылып жатканын тараптар ырасташты.

Азербайжан менен Армениянын ортосунда Тоолуу Карабак үчүн согуш 1988-жылы тутанып, 1994-жылы токтотулган. Андан кийин эки тарапты ымалага келтирүү үчүн АКШ, Франция жана Орусия курамына кирген Минск тобу түзүлүп, ал жаңжалдашкан тараптардын сүйлөшүүсүнө ортомчулук кыла баштаган.

Мына ушундай ортомчулар коштоосу менен сүйлөшүүлөргө карабай эки ортодо кагылышуулар анда-санда чыгып турган. Жаңжалды чечүүнүн жолу же айласы болсо табылбай келет. 2-апрелдеги кагылышуудан кийин ортомчулар абдан активдешти.

Маселен, 6-апрелде Тоолуу Карабак жаңжалын жөнгө салуу боюнча ЕККУнун Минск тобунун мүчөсү АКШдан Жеймс Уорлик, Орусиядан Игорь Попов жана Франциядан Пьер Андрийо Бакуга келишти. Ага чейин орус президенти Владимир Путин Азербайжан жана Армения президенттери менен телефон аркылуу сүйлөштү. 6-апрелде Орусиянын тышкы иштер министри Бакуга келди. Андан кийин ал Ереванга сапар алмакчы. Анын менен удаа Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведевдин 7-апрелде Арменияга, андан кийин Бакуга барары кабарланды.

Шаршемби күнү армян президенти Серж Саргсян Германияда канцлер Ангела Меркел жана президент Йохаким Гаук менен жолугушту. Ал эми Армениянын тышкы иштер министри Едвард Налбандян Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер менен сүйлөштү.

Германиянын канцлери Ангела Меркел биринчи кезекте кан төкпөй, киши өлүмүнө жол бербей, маселени чечүү жолу изделиши керек деди. Ал ошондой эле андай жолду табуу жеңил эместигин да моюнга алды:

Армениянын президенти Серж Саргсян менен Германиянын канцлери Ангела Меркел
Армениянын президенти Серж Саргсян менен Германиянын канцлери Ангела Меркел

- Менин оюмча, Тоолуу Карабак жаңжалын чечүү өтө маанилүү. Географиялык жайгашкан жерине байланыштуу өзгөчө Армения сыяктуу мамлекет коңшулары менен жакшы мамиледе болуусу өнүгүүгө көбүрөөк жеңилдик бермек. Германия жаңжалды чечүүдө конструктивдүү ролду ойноого аракеттенет, бирок 23 жылдан бери чечилбей жаткан маселени бир сапар же бир аракет менен чече коюуга болбосун түшүнөм.

Армян президенти Серж Саргсян өз кезегинде Тоолуу Карабак эли согушту каалабасын айтты:

- Тоолуу-Карабак калкы согушту каалабайт, бирок бир жөнөкөй жана түшүнүктүү нерсе бар, колонияга алынган элдер ар дайым өзүнүн тагдырын өзү чечүүгө, өз келечегин өзү аныктоого күрөшкөн. Алар келечек муундары тынчтыкта жашоосун жана бактылуу болушун каалайт.

Ошентип, Армения тарап Тоолуу Карабак жаңжалында элдин өз тагдырын өзү аныктоо укугуна басым жасаса, Азербайжан тарап эгемендүү мамлекеттин чек арасынын бузулбастыгына, бүтүндүгүнө басым жасоодо.

Азербайжан президенти Илхам Алиев 5-апрелде буларды билдирген:

Илхам Алиев
Илхам Алиев

- Азербайжан ар кандай аскерий аракеттерди токтотконун кайталайм. Бирок анын бир гана шарты бар - экинчи тарап да ок атпашы керек. Алар ок атууну токтотуп, турган жеринде калышы керек. Биз өз жерибизде согушуп жатабыз.

1988-94-жылдардагы согушта Азербайжан Тоолуу Карабак жана ички беш районуна толук, эки районуна жарым-жартылай көзөмөлүн жоготкон эле.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG