Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:27

Президент Малабаевдин коррупцияга катышы бар-жогун иликтөөнү тапшырды


Аргынбек Малабаев
Аргынбек Малабаев

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевдин Балыкчы-Корумду жолун оңдоодогу тендерде кетирген кемчиликтери тууралуу мекемелер аралык комиссиянын корутундусун иликтөөнү УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, аталган кызмат Аргынбек Малабаевдин премьер-министрдин дарегине айтылган билдирүүлөрүн да териштирет. Кечээ Атамбаев Малабаевди иштен алуу боюнча Темир Сариевдин сунушун артка кайтарган эле.104 чакырымга созулган Балыкчы – Корумду жолун калыбына келтирүү үчүн бюджеттен 7 миллиардга жакын сом бөлүнгөн. Буга чейин Транспорт министрлиги өткөргөн тендерде жол куруу укугун лицензиясы жок кытайлык “Лонг Хай” компаниясы мыйзамсыз утканын, ага министрдин катышы бардыгын атайын түзүлгөн депутаттык комиссия жарыялаган. (NT)

XS
SM
MD
LG