Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:32

Өкмөт курамында үч министр алмашты


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Бул тууралуу парламентте премьер-министрликке талапкер Сооронбай Жээнбеков билдирди. Ал өкмөттүн курамын азыр жаңылоого убакыт жок экенин айтып, коалициядан азыркы курам менен иштей берүүгө өзү суранганын билдирди. Жээнбеков азырынча үч орунда гана өзгөрүү болгонун айтты.

Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашевдин ордуна Соцфонд төрагасы Мухамметкалый Абылгазиев, өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиевдин ордуна Акылбек Осмоналиев, ал эми транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевдин ордуна Зарылбек Айдаров бекиди.

Сооронбай Жээнбековдун сунуштаган өкмөттүн жаңы курамы төмөнкүдөй болмокчу:

Мухамметкалый Абылгазиев — биринчи вице-премьер-министр (Аалы Карашевдин ордуна),

Олег Панкратов — экономикалык маселелер боюнча вице-премьер,

Гульмира Кудайбердиева — социалдык маселелер боюнча вице-премьер,

Арзыбек Кожошев — Экономика жана өнөр жай министрлиги,

Мелис Турганбаев — Ички ичтер министрлиги,

Жылдыз Мамбеталиева — Юстиция министрлиги,

Адылбек Касымалиев — Финансы министрлиги,

Кубатбек Боронов — Өзгөчө кырдаалдар министрлиги,

Кудайберген Базарбаев — Социалдык өнүгүү министрлиги,

Эльвира Сариева — Билим берүү жана илим министрлиги,

Алтынбек Максутов — Маданият, маалымат жана туризм министрлиги,

Талантбек Батыралиев — Саламаттык сактоо министрлиги,

Зарылбек Айдаров— Транспорт жана коммуникация министрлиги (Аргынбек Малабаевдин ордуна),

Турдуназир Бекбоев — Айыл чарба жана мелиорация министрлиги,

Эрлан Абдылдаев — Тышкы иштер министрлиги,

Акылбек Осмоналиев — өкмөттүн аппарат жетекчиси (Нурханбек Момуналивдин ордуна).

Буга чейинки премьер-министр Темир Сариев 11-апрелде өкмөт башчылыктан кеткенин жарыялаган. Анын кетишине Балыкчы – Корумду унаа жолу боюнча тендер себеп болду. Тендерди териштирген депутаттык комиссия премьерди иштен алуу керек деген тыянакка келген. Ал эми Сариев өзү муну “эч негизсиз саясий чечим” деп атаган. (SDz)

XS
SM
MD
LG