Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:51

Коркмазов жарым-жартылай күнөөнү моюнуна алды


Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевге байланыштуу сот процессинде мурдагы депутат Хаджимурат Коркмазов мурдагы депутат Нариман Түлеевдин кызынан акча алганын айтып, аны Нарымбаевге бергенин билдирди. Бирок Түлеевдин үй-мүлкүн конфискациядан чыгаруу маселеси чечилбегенинен улам, алар кайра акчаны артка сураганы менен каражат кайтарылып берилбегенин билдирди.

Данияр Нарымбаев өзү Кормазовдон эч кандай акча албаганын айтып, ошол эле учурда Назгүл Түлеева менен жолукканын танган жок. Ал Түлеевага маселе мыйзам чегинде чечилерин айтканын кошумчалады.

Биринчи Май райондук соту Нарымбаев менен Коркмазов боюнча былтыр 27-ноябрда чечим чыгарган. Анда коррупция, кызмат абалынан пайдалануу деген айып кыскартылып, көз боёмочулук деген айып менен Нарымбаевди үч, ал эми Коркмазов бар жарым жылга кесилген жана үй-мүлкү конфискациялансын деген чечим чыккан. (SDz)

XS
SM
MD
LG