Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Бир катар аймактарда сел жүрдү


18-апрелдин кечинде катуу жаандан кийин Ош облусунун Алай, Кара-Суу, Ноокат райондорунда, Баткен облусунда, Жалал-Абаддын Аксы, Ала-Бука, Сузак райондорунда, Чүй, Ысык-Ата жана Москва райондорунда сел жүрдү. Ош жана Жалал-Абад аймактарында ондогон малды суу агызып кеткенин, жолдорго зыян келтирилгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, азыр тиешелүү техникалар тартылып, селдин кесепеттерин жоюу, тактоо иштери жүргүзүлө баштады.

Чүй облусунда сел коркунучу күч болгондуктан "өзгөчө кырдаал" жарыяланды. Нөшөрлөгөн жаан-чачындуу аба ырайы 22-апрелге чейин уланары божомолдонуп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селдин алдын алуу үчүн арыктарды өз убагында тазалоого элди чакырууда. (NT)

XS
SM
MD
LG