Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:45

Китептердин мазмунуна ич жылыбайт


Китеп жармаңкеси
Китеп жармаңкеси

Дүйнөлүк китеп күнүнө карата Кыргызстанда 22-апрелден тарта эл аралык китеп жумалыгы башталат. Анда республикадагы 1065 китепканада китеп окууга арналган ар түркүн иш-чаралар өткөрүлөт.

Китеп окууга арналган бул жумалык китеп басып чыгаруу жагынан алдыңкы орунду ээлеген Кыргызстанда китеп окуу жана жарык көргөн китептердин мазмуну менен жасалгасы жагынан ойго салган көп жагдайлар бар экендигин ачыкка чыгарат деген эксперттер да арбын.

Кыргызстанда жылына канча китеп жарык көрөт жана алардын мазмуну кандай? Мектептер эмне үчүн окуу китептери менен толук камсыз болбой жатат? Кыргыз китептеринин эл аралык көргөзмөлөрдө алган баасы эске алынабы?

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу мына ушул суроолорго арналды. Талкууга Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адистери Кылым Сыдыкназарова менен Чынара Осмонова, Мамлекеттик китеп палатасынын директорунун орун басары Кален Сыдыкова жана “Улуу тоолор” басмасынын директору Жумадин Кадыров катышты.

“Азаттык”: Кален айым, Кыргызстанда 22-апрелден тарта эл аралык китеп жумалыгы өткөнү жатат. Бул иш-чаранын негизги максаты эмне?

Кален Сыдыкова: Элди Кыргызстанда кандай китептер чыгып жатканынан кабардар кылуу, атамекендик китептерди даңазалоо жана алар кандай чеберчилик менен чыгып жаткандыгын элге жарыялоо. Бул багытта бүткүл республика боюнча иш-чараларды баштап, көчмө китеп дүкөндөрүн, жармаңкелерди өткөрүп келдик. Ал иш-чара жылдын аягына чейин созулат. Ал эми китеп күнүнө арналган негизги майрамдык иш-чара 22-апрелде болот.

“Азаттык”: Жумадин мырза, сиз жетектеген “Улуу тоолор” басмасы акыркы жылдары Кыргызстанда китеп көп басып чыгарган ишканалардын бирине айланды. Жылына канча китеп басып чыгарасыңар жана алар кандай багыттагы китептер? Аларды сатып алышабы?

Жумадин Кадыров: Биз жылына жүздөн ашык аталыштагы китептерди чыгарабыз. Алардын багыты ар түрлүү - мемуар жанрынан баштап детектив жана акылмандыкты жайылткан китептерге чейин чыгат. Биринчиден, авторлор кандай китепти чыгаргысы келсе, экинчиден, биз өзүбүз окурмандар арасында иликтөө жүргүзүп, аларга кандай китеп зарыл экендигин аныктасак жана каражат болсо чыгара беребиз, чектөө жок.

Китептер түрү боюнча керектүү, кызыктуу жана баалуу китептер болуп үчкө эле бөлүнөт. Сиз айткан уруучулукту же өз туугандарын мактаган китептер чыгып жатканы чындык, бирок алардын да өз окурмандары бар.
Жумамүдүн Кадыров

“Азаттык”: Кален айым, Мамлекеттик китеп палатасы Кыргызстанда жарык көрүп жаткан бардык китептер, мезгилдүү басма сөз жана журналдарды каттап турат эмеспи. Чын эле өлкөдө жарык көрүп жаткан бардык китептер каттоого алынабы? Алардын мазмунун ким салмактайт? Себеби, кийинки кезде жасалгасы боюнча китепке окшош, бирок мазмуну коомду башаламандыкка алып барган чыгармалар басылып жатканы жашыруун эмес да, туурабы?

Кален Сыдыкова: Эми былтыр Китеп палатасынын каттоосунан өткөн 1 миң 207 китеп чыкты. Азыр көп жерлерде басмаканалар ачылып жатат, алардын кээ бири мыйзамды билишет, кээ бирлери билишпейт. Анан ички мазмуну боюнча эч ким жоопкерчиликти албайт. Себеби, Кыргыз Республикасынын Конституциясы боюнча цензурага тыюу салынган. Ал жагын мамлекет өзү ойлонуштурууга тийиш. А биз болсо кайсы китеп чыгып жаткандыгын каттап, кандай багытта жана кандай тармакта экендигин тастыктап турабыз. Ал эми мазмунун Токтогул атындагы сыйлык берүүчү комиссия сыяктуу уюмдар карабаса, эч кимдин аны тескеген жери жок. Бул маселени Жогорку Кеңеш карап, чечиши керек. Бул Китеп палатасынын милдетине кирбейт. Китеп палатасы Маданият, маалымат жана туризм министрлигине карагандыгына байланыштуу ушул маселе 25 жылдан бери ачык турат. Китептердин мазмунун салмактай турган бир тармак түзүү зарыл, анткени мамлекеттик түзүлүшкө, улуттук кызыкчылыкка каршы келген китептер чыгып кеткени чын.

“Азаттык”: Жумадин мырза, менин билишимче, сиздердин басмага авторлор өз китептерин эч кандай уюмдун же мекеменин уруксатысыз эле алып келип бастырышат эмеспи. Ошондонбу, кийинки кезде өз ата тегин, туугандарын жөн жерден баатыр кылып жазган, обужок мактаган китептер көбөйдү. Чындыгында бул тарыхты бурмалоого барабар эмеспи. Мындай көрүнүштү азайтуу үчүн эмне кылуу керек?

Жумадин Кадыров: Ачуу чындыкты так айтышыбыз керек - азырынча эч ким эч нерсе кыла албайт. Эң кыйын бир калыс нерсе бар - ал убакыт жана окурмандын каалоосу. Окурман кайсы китепти окугусу келсе сатып алат. Ал эми кереги жок китеп алынбай калат. Китептер түрү боюнча керектүү, кызыктуу жана баалуу китептер болуп үчкө эле бөлүнөт. Сиз айткан уруучулукту же өз туугандарын мактаган китептер чыгып жатканы чындык, бирок алардын да өз окурмандары бар. Ошон үчүн чыгып жатат. Биз базар экономикасына ыңгайлашкандан кийин басмакана да, авторлор да кайсы китеп өтөрүн алдын ала эсептеп туруп чыгарабыз. Мисалы, былтыр Пекинден улуттар аралык басмаканасынын жетекчилери келишти. Мен аларга чыгарган китептердин 60-90 пайызы сатылат десем алар абдан таң калып, өздөрү чыгарган китептердин 90-100 пайызы өтпөй калат дешти. Аларда планга кирген китептер чыгарылып, окурмандар талап кылбаган, идеологияга ылайыкталган китептер көп чыккандыктан өтпөй калат экен. А бизде окурмандар талап кылган китептер чыккандыктан өтүп кетип жатат. Мисалы, Шайлообек Дүйшеевдин “Агындылар” деген китеби ушул күнгө чейин 5000 нуска менен чыгып сатылып кетти. Бул ушул кездеги рекорд.

“Азаттык”: Чынар айым, китеп жумалыгы өткөрүлүп, анын алкагында мектеп окуучулары арасында “Менин сүйүктүү адабий каарманым”, “Менин сүйгөн китебим” деген темаларда сынактар өткөрүлгөнү жаткандан кийин, албетте мектептердин окуу китептери менен камсыздалышына көңүл бурбай кое албайбыз. Эмне үчүн мектептер окуу китептери менен толук камсыздалбай жатат? Анын башкы себеби эмне? Окуу китеби жазылбай жатабы же басылбай жатабы?

Кылым Сыдыкназарова: Азыр окуу китептери менен толук камсыздоо үчүн жаңы муундагы билим берүү стандарты иштелип чыкты, ошого жараша жаңы муундагы окуу китептери чыгарылат. Ошон үчүн эски окуу китептери чыгарылган жок, жаңы муундагы китептерди даярдоо үчүн жумушчу топ түзүлүп, азыр иш жүргүзүп жатат. Ал эми мектептер китептер менен 65 - 70 пайызга камсыз.

“Азаттык”: Кален айым, Кыргызстан китеп окуу жагынан көп өлкөлөрдүн алдында турат экен. Бирок, кийинки кезде жаштар арасында китеп окуу абдан төмөндөп кетти деп мугалимдер коңгуроо кагып жатышат. Балдарга, өспүрүмдөргө арналган китептердин мазмуну кандай? Алардын талабын орундата алабы?

Кален Сыдыкова: Биз жакында 10 күн китеп кербенин өткөрүп түштүк аймакта болуп келдик. Ошондо баалуу китептерди баалап, окуган адамдардын саны көп экендигин билдик. Китепке кызыгуу аз дегенге кошула албайм. Былтыр балдарга арналган 70 наамдагы китеп чыкты. Анын 42си кыргызча болду. Алардын мазмуну толук жооп берет деп айта албайм, анткени мамлекет тарабынан буйрутма болуш керек. Менимче, балдарга арналып чыгарылып жаткан китептердин деңгээли канааттандырарлык эмес.

Угармандын пикири: Мен Кара-Кулжадан чалып жатам, атым Айтмамат. Токсонунчу жылдан бери демократия деген агым каалаганыңды тандап ал деген багыт берип койду. Мына Жаныбек Жанызакка окшогон жазмакерлер коомго жат көрүнүштөрдү жайылткан китептерди чыгарып, коомду бузуп коюшту. Бирок, аны азыр деле чек коюп, ооздуктаганга болот. Мурда керек болсо Мопассанды да окууга чек коюлган эле. Адам өзү жаратылышынан кумарга жакын келет. Эгер порнография менен классиканын бирин танда десе, адам сөзсүз порнографияны тандашы мүмкүн. Ошон үчүн чек коюп, элди бузбай, балдарга тарбия бере турган китептерди чыгарыш керек.

“Азаттык”: Угарманыбыз айткандай китеп чыгарууга мамлекеттик көзөмөл зарылбы?

Кылым Сыдыкназарова: Абдан зарыл, анткени бала кичине чагынан баштап ошол окуган китептеринин негизинде тарбия алып, дүйнө таанымы калыптанат. Мисалы, биз окуучулук күндөрдө патриоттук багыттагы китептерди көп окугандыктан мекенди сүйүү сезими калыптанып тарбияланганбыз. Эки жылдан бери китеп жумалыгы өткөрүлүп жатат, аны менен мектептер үчүн абдан зор шарт түзүлүп жатат. ЮНИСЕФтин ата-энелер менен “Бирге окуйбуз” деген долбоору да ишке ашып жатат. Анда ата-энелер балдарына кандай китептерди окушу, тандашы керектиги боюнча жакшы багыттар берилип жатат.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG