Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Согуш ардагерлеринин саны бир жылда дээрлик 300 адамга азайды


Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын саны соңку бир жыл ичинде дээрлик 300 адамга азайганы белгилүү болду.

Бүгүн өкмөт 9-Май Жеңиш күнүнө карата майрамдык иш-чаралар планын жарыялады. Анда айтылгандай, учурда согушка катышып келген, майыптыгы бар ардагерлердин саны 821 адам. Мындан тышкары 7997 адам - ооруктун ардагерлери жана согуш майданына барып келгендердин жесирлери.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда былтыр 1200гө жакын согуштун ардагери бар болчу.

Улуу Ата Мекендик согушка жалпысынан 365 миң кыргызстандык катышып, алардын 114 миңден ашыгы кайтпай калган.

Катышуучулардын көбүнүн жаш курагы азыр 90дон ашып калды. (RK)

XS
SM
MD
LG