Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:30

Талиптер Пакистанда жети полиция кызматкерин өлтүрдү


Пакситандагы өлтүрүү
Пакситандагы өлтүрүү

Пакистандын Карачи шаарында шал оорусуна каршы эмдөөнүн катышуучуларына кол салуудан жети полиция кызматкери окко учту. Балдарды эмдеп жаткан дарыгерлер жабыр тарткан жок. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Талибан” кыймылы өзүнө алды. Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф согушкерлердин аракетин айыптап, каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты.

Пакистанда шал оорусуна каршы программанын кызматкерлерине кол салган учурлар арбын. Согушкерлер эмдөө мусулман балдарга зыянын тийгизерин айтып, программаны ишке ашыргандарды "батыштын тыңчылары" деп атап келишет. БУУнун маалыматы боюнча, 2012-жылы эмдөө программасы башталгандан бери 89 адам өлтүрүлгөн. Алардын көпчүлүгү полиция жана медицина кызматкерлери.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму мурдагыдай эле Пакистан менен Ооганстанды шал оорусу (полиомиелит) жайылып кетүү коркунучу жогору өлкөлөрдүн катарына киргизген. Расмий Исламабад талиптердин коркутууларына карабай илдетке каршы күрөшүп келет. Соңку окуянын чоо-жайы иликтенип бүткүчө эмдөө убактылуу токтотуларын жарыялады. (NT)

XS
SM
MD
LG