Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:55

Күндөн энергия алуучу учак Тынч океанды учуп өттү


 Solar Impulse 2 учагы
Solar Impulse 2 учагы

23-апрелде Solar Impulse 2 деп аталган учак Тынч океандын жана Гавай аралдарынын үстүнөн үч күндүк учуусун аяктады. Ал жерге конордон мурун Сан-Францисконун атактуу Алтын көпүрөсүнүн үстүнөн учуп өттү.

Күн батарейкасы менен жабдылган учактын багыты 22-апрелде Гавайиден башталган.

Ушуну менен Solar Impulse 2нин жер шарын айлануу саякатынын тогузунчу этабы аяктады. Саякат өткөн жылы Абу-Дабиде башталган, учак Жапонияга чейин жакшы учуп барып, кайра Гавайини көздөй учуп баратканда жабыркап калгандыктан, Гавайиде узак мөөнөттө оңдолгон.

Күн батарейкасы менен учкан учакты эки учкуч: Бертран Пикар жана Андре Боршберг башкарышкан.

Учак күндөн гана энергия алат. Анын багыты Монакодогу диспетчердик борбор тарабынан көзөмөлдөнүп турат.

Solar Impulse 2нин эмки багыты Атлантика океаны аркылуу Гибралтар кысыгына токтоосуз учуу болмокчу.

XS
SM
MD
LG