Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Опера театрындагы көрүнбөгөн “драма”


Опера жана балет театры. Бишкек
Опера жана балет театры. Бишкек

Коррупциялык чыр-чатактардын кезектеги толкуну театр баштаган өлкөнүн ири маданий очокторуна чейин жетти.

Кыргыз улуттук Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрынын башкы директору Болот Осмонов мурда соттолгонуна карабай, үчүнчү ирет жетекчилик кызматта туруп, жемкордукка шектелгенин укук коргоо органдары иликтеп, бирок бул боюнча жыйынтык чыкпай жатканына айрым театр ишмерлери нааразы.

“Азаттыкка” театрдын сактоого берилген кымбат баалуу мүлктөрү жоголуп, ижара акысынан түшкөн ири каражаттын жана чет элдик демөөрчүлүк жардамдын эсеби чыкпай жатканын ырастаган документтер келип түштү.

“Ыңгайсыз каармандарды” ыза кылган жагдай

Кыргызстандын эң ири маданий очокторунун бири - Бишкектеги опера жана балет театрынын айланасындагы коррупциялык чыр-чатактар андагы сахнада коюлган оюндарга караганда бир топ кызып турган учур. Анткени жетекчилик менен андагы айрым театр ишмерлеринин сахна көшөгөсүнүн аркасындагы келишпестиги өзгөчө “театралдык-драмалык” таризде курчуй баштады. Буга 19-апрелде президент Атамбаев театрга барган учурда, аны менен жолугушууга ал жакта иштеген маданияттын айрым эмгек сиңирген ишмерлери атайын киргизилбегени себеп болду.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Опера жана балет театрынын жетекчиси Болот Осмонов (оңдо)
Президент Алмазбек Атамбаев менен Опера жана балет театрынын жетекчиси Болот Осмонов (оңдо)

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Айзада Тумакова эмгек жамаатын бөлүп-жарган ал жагдай туурасында мына буларды билдирди:

- Өз ара шыбырашып эле, "ыңгайсыз кызматкерлерге" эч нерсе айтышпайт. Президент менен театрда жолугушуу болорун кеч уктук. Анан 20 жылдан бери ушул тармакта иштесем, бирөөлөргө окшоп, мамлекетке зыяным тийбесе, эмнеге мени жолугушууга чакырышпайт деп ал жакка бардым. Театрга кире бериште күзөт кызматы документ текшерип жаткан экен, паспортумду көрсөтсөм, ал жакта бир тизме бар экен ошону карап эле туруп калды. Көрсө жолугушууга киргизилбей тургандардын тизмесин сүрөттөрүбүздүн көчүрмөсү менен кошо алдын ала эле күзөт кызматына берип коюшкан экен. "Жолугушууга кирсе, президентке болгон чындыкты айтып коюшат" деп бизден катуу коркушкан окшойт. Театр жетекчилиги менен Маданият министрлиги кыңыр иштерин мына ушундай жол менен жашырып-жапкысы келгени биздин андан бетер кыжырыбызга тийди.

Опера жана балет театрынын эмгек жамаатынын арасындагы демилгелүү топ мурда соттолуп, кийин бир жолу кылмыш иши козголуп, тергөө иши токтотулган жетекчиликтин кылыктары тууралуу президент менен жолугушуу учурунда бетме-бет айтып, жооп алууну көздөшкөн экен. Себеби, алар театр жетекчисинин ишине байланыштуу буга чейин президентке, өкмөт башчысына жана Башкы прокуратурага бир нече курдай жолдогон кайрылуулары негедир жоопсуз калып келген. Анда үчүнчү ирет жетекчиликке келген театрдын башкы директору Болот Осмонов маданий очокту көмүскө киреше табуу булагына айлантып алганы туурасында буга чейин иликтенип, текшерилген фактылар келтирилген экен.

Олчойгон маянаны өзүнө оодарган жетекчилик

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Сталбек Алмазбеков жетекчилик артисттердин айлыгы аз болуп жатса, өз маянасына атайын эсептен жүз пайыздык кошумча акча чегертип алган бир эле мисалды келтирди:

Сталбек Алмазбеков
Сталбек Алмазбеков

- Театрга жылына бир жылда эле ижара акысынан 12 миллион сомдон ашуун акча түшөт экен. Аны деле биз жакында эле билдик. Бирок ошол акча каражаттары кандай муктаждыктарга чыгымдалып жатканы эч кимге белгисиз. Ошол акчаны натыйжалуу чыгымдап, коюлбай жаткан кыргыз операларын жана спектаклдерди койсок болот беле? Атайын эсепке түшкөн акчадан театр директору, башкы эсепчи жана башка жетекчилер айлыктарына жүз пайыз кошумча акча чегертип алышыптыр. Ошол эле кезде артисттердин айлыгы айдан-айга жетпей, жарыбаган акчага иштеп жүрүшөт. Ушул эми адилеттүүлүкпү? Биз президент менен жолугушууга барып, ошонун бардыгын айталы десек, бизди өгөй эненин балдарындай кылып ал жакка киргизбей коюшту. Эң эле жаманы, мурда жеп-ичмейлиги ачыкка чыгып, соттолгон адам кайра келип эле театрды жетектеп, мурдагы кылыктарын улантып жатканына жогору жактан көңүл бурушпаганы кызык. Президентке, өкмөткө жана башка укук коргоо органдарына жазган арыздарыбыздан жыйынтыктуу жооп жок. Прокуратура болсо Осмоновдун соттуулугу боюнча маселеде анын мөөнөтү эскирип, өтүп кетиптир, ошол үчүн ага карата прокурордук чара көрө албайбыз деп жооп берди.

Шылынган театр, “шыпырылган сандар”

Опера жана балет театрын быйыл жыл башында текшерүү учурунда бир топ каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. Текшерүү жүргүзгөн “Аудит-Практик” компаниясынын корутундусу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына тапшырылган менен ал жактан жыйынтык чыга элек.

Анда театр жетекчилиги менен “РСК-Декабрист” компаниясынын ортосундагы жарык берүүчү жана театралдык жабдууларды жаңылоо боюнча 2015-жылы 22-декабрда түзүлгөн келишимдин шарттары одоно бузулган. Жалпы чыгым 32 миллион 600 миң сомдон ашуун акчаны түзгөн. Бирок жарык берүүчү жабдуулардын беш түрү ушул күнгө чейин коюлган эмес. Коюлган жабдуулардын баалары дагы күмөн саноо жарата турганы ал корутундуда көрсөтүлгөн. Желдетүүчү жана жылытуучу жабдуулар боюнча “Евро-Климат” компаниясы менен түзүлгөн келишимдин шарттары дагы толук аткарылбаганы жазылган. Бирок аткарылган иштердин актысы жок болгонуна карабастан, ал компанияга сатылып алына элек жабдуулардын акчасы төлөнүп берилген. Бул каржылык мыйзам бузууга кирет. Анткени мыйзам боюнча компания иштин элүү пайызын аткарганда гана калганы толук төлөнүп берилет.

2016-жылдын 20-январдагы үчүнчү келишим боюнча театр 799 миң сомго 64 даана балеттик костюм сатып алган. Театрдын өзүнүн тигүү цехи болгонуна карабастан, жеке колдон сатылып алынган айрым костюмдардын бир даанасынын эле баасы 44 миң сомду түзгөнү көрсөтүлгөн. Бирок театр ага чейин эле 2015-жылы 17-сентябрда 480 миң сомго 40 даана театралдык костюм тиктирген. Андан мурун 2015-жылы 27-марттагы келишим боюнча театр 118 миң сомго 79 даана сценалык костюм тиктирген. Мына ошол костюмдарды бир эле Яровенко деген жеке ишкер тигип, анын банк эсебине жалпысынан 14 миллион сом которулган. Мындан сырткары ремонт иштерине каралган каражаттын эсеби боюнча шек саноо бар экени көрсөтүлгөн.

Жоголгон станоктун жоболоңу

Ал турсун театрдын 2007-жылы сактоого берилип, ошондон ары жеке колго өтүп кеткен 6 миллион сомдук басма станогунун дагы дайыны табылбай калган. Опера жана балет театрынын мурдагы башкы балетмейстери Эмил Акматов бул жагдайлар туурасында мындай дейт:

- Келишимде басма станоктун же ижара акысынын өлчөмү же аны сактоонун, пайдалануунун мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес. Бизде аны сактаганга шарт жок деген негизде гана келишим түзүлгөн экен. Бирок биздин театрдагы чарбалык короодо 700 чарчы метр жай бар. Ошол жакта деле сактап турушса болмок. Азыр эми жабдууну таппай, соттошуп жүрүшөт. Ал эми тигил чарбалык короону оңдоп-түздөйбүз деп дагы башташты. Негизи эле бул киши жетекчи болуп келген сайын эле ремонт иштерин баштай берет. Акча дагы тез эле бөлүнө калат. Бул киши мурда жетекчи болуп жүргөндө эле жалдаган фирмалары азыр да тендерден утуп жатканы кызык. Мисалы, “Декабрист” деген компания мурда дагы ремонт иштерин жүргүзүп, жабдуулар менен камсыздап келген. Бул жагы дагы чоң күмөн саноо жаратат.

Каратып туруп, калп айтуунун “операсы”

Опера жана балет театрына экинчи ирет жетекчи болуп келген Болот Осмонов 2007-жылы 15-ноябрда “ТАС” деген компанияга аталган офсеттик басма машинасын сактоого берүү тууралуу келишимге кол койгон. Келишимде сактоонун мөөнөтү жана пайдалануу шарттары көрсөтүлгөн эмес. Болгону документте басма станогун коё турган театрда атайын жай болбогондуктан аны убактылуу сактоого берип туруу боюнча гана көрсөтүлгөн. Мына ошондон кийин театр өз муктаждыктары үчүн аталган офсеттик машинени пайдалануу укугунан кол жууган. Кийин аталган компания жоюлуп кетип, ага жооптуу адамдарды табуу мүмкүн болгон эмес.

Бирок театрдын башкы директору Болот Осмонов документте анын колу турганына карабастан, офсеттик басма станогунун жоголуп кеткени үчүн жоопкерчиликти башка адамга оодарды:

- Басма станокту сактоого берүү боюнча келишимге менден мурунку жетекчинин учурунда кол коюлган. Ага менин эч кандай тиешем жок. Ал кезде Эсен Жуманович Исмаилов деген адам театрды жетектеп турган болчу. Мен бул жакка келгенден кийин ал маселени өзүм көтөрүп, аталган компанияны сотко бергем. "Эмне себептен капкачан ал жакка берилип кеткен станокту кайра кайтарып алып келбейсиңер" дегенде сотто бул иш каралган. Соттон "мына ошол компания станокту театрга кайра кайтарып берсин же акчасын төлөп берсин" деген чечим чыккан. Мындан тышкары менин маянама коюлган кошумча акча тууралуу айтсам. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок. Мен күн-түн дебей, дем алыш дебей, майрам күн дебей тынымсыз иштейм. Ошондуктан менин мына ошондой айлык алганга мыйзамдуу укугум бар. Эл эс алып жүргөндө мен иштеп отурган болом. Анан тиктирилген костюмдар боюнча дагы текшерүү болуп, эч кандай мыйзам бузуу табылган эмес. Москвадан келген солисттер дагы мына ушундай укмуш сонун костюмдар экен, мындайлар Чоң театрда дагы жок деп аябай суктанып, таң калышкан.

Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жетекчиси Болот Осмоновдун кыңыр иштеринин таржымалы 2000-жылдарга барып такалат. Анткени ал 2001-жылы билим берүү жана маданият министринин орун басары болгонго чейин аталган театрды башкарып турган. Бирок 2003-жылы Бишкектин Свердлов райондук соту Болот Осмоновду театрды жетектеп турган учурдагы кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде соттогон.

Сот Осмоновду күнөөлүү деп таап, андан мамлекеттин пайдасына 35 миң сом өлчөмүндө айыппул өндүрүп алуу өкүмүн чыгарган. Бирок кийин териштирүү учурунда ИИМдин маалымат тутумунан анын соттуулугу тууралуу маалымат чыккан эмес. Мына ошондон кийин Болот Осмонов экинчи ирет театрды жетектөөгө барып, иштеп жаткан кезде ага карата 2010-жылы 20-августта дагы бир кылмыш иши козголгон. Бирок аталган кылмыш иши кийин белгисиз себептер менен тергөөдөн кыскарып кеткен.

Эмил Акматов эми ал үчүнчү ирет мыйзамдын укуругунан бошонуп кетүүгө аракеттенип жатканына мындайча токтолду:

- Бул киши биринчи ирет жетекчи болуп келген учурундагы ишмердиги боюнча сот өкүмү чыккан. Анан экинчи ирет дагы кайра башчы болуп жүргөндө 2010-жылдан кийин дагы бир кылмыш иши козголуп, бирок аны дагы кийин жаап коюшкан. Азыркы учурда үчүнчү жолу иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Буга чейинки иштерин го ар кандай жолдор менен жапкан экен. Эми үчүнчү жолку ишин кантип жабар экен деп турабыз. Министр бул адамды дайындоого көрсөтүп жатканда анын мурда соттолгонун, андан кийин дагы экинчи жолу кылмыш иши козголуп жабылганын кантип билбесин? Билген. Бул кишинин артынан чубалган иштер том-том болуп чоңоюп отуруп, тергөөчүлөрдүн деле сейфине батпай калса керек. Бирок “жөндөмү” күчтүү адам экен, “ыгын таап” эле дайыма суудан кургак чыгып кеткени аз келгенсип, кайра жетекчиликте туруп мурдагы эле кылык-жоруктарын улантып жатканына таң калбай коюуга мүмкүн эмес. Бирок эки ирет терс мотив менен кызматынан кеткенди кайра алып келип алып, мурдагы кыңыр иштерди улантканга мүмкүнчүлүк берүү туурабы?

ТҮРКСОЙдун акчасы кантип жымырылган?

Ошол эле кезде 2010-жылдагы маданият жана маалымат министри Рыскелди Момбеков опера жана балет театрынын ошол кездеги жетекчиси Болот Осмоновду кызматтан алууга бир топ жагдайлар негиз болгонун кошумчалады. Алардын бири катары учурдагы КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков ТҮРКСОЙдун долбоору боюнча коюлган спектаклге бөлүнгөн каражаттын эсеби кийин чыкпай калганына төмөнкүдөй мисал келтирди:

- ТҮРКСОЙдун долбоору менен спектакль койгонго 100 миң доллар бөлүнүп, ага декоративдик материалдар сатылып алынды деген шылтоо менен акча жок болуп кеткен факты катталган. Бул боюнча учурунда териштирүү иштерин баштап, театрдын жетекчисине карата кылмыш ишин козгоо маселеси боюнча ошол кезде мен тиешелүү укук коргоо органдарына кат жөнөткөм. Андан кийин мына ошол иш эмне менен бүткөнүн билбейм. Кийин эле ал киши театрды жетектөөгө кайра келип калыптыр. Анын мурда соттолгону, шылуундугу жана анын жетекчилик кызматта турган кезиндеги ыплас иштери боюнча арыздардын негизинде аны өз кезегинде кызматтан алууга өбөлгө түзгөндөрдүн бири мен болчумун. Бирок ошондой адам кайра кызматка келип калганын көрүп, азыр эми баш чайкагандан башка эмне кыла алмак элек.

Опера жана балет театры
Опера жана балет театры

Бирок Болот Осмонов долбоордун өкүлү жана спектаклдин көркөм жетекчиси Афлатун Нейметзаденин 100 миң долларга байланыштуу доомат боюнча ага каршы берген түшүнүк катын четке какты. Осмоновдун айтуусунда, аталган долбоордун көркөм жетекчиси бирөөлөрдүн тилине кирип жазып койгон түшүнүк каты тууралуу кийин тергөөгө маалымат берген экен.

Театр жетекчисинин “ишин” эч ким далилдей алган эмеспи?

Бул иш тууралуу учурдагы маданият жана маалымат министри Алтынбек Максүтовдон аталган театр жетекчисинин кыңыр иштери боюнча комментарий ала алган жокпуз. Парламенттин тиешелүү комитетинин төрагасы Садык Шер бул театрдын директору Болот Осмоновдун ишмердигин жогору баалап, анын мурдагы соттуулугу жалпы ишке таасирин тийгизбей турганын айтты. Ошол эле кезде Садык Шер комитет жетекчиси катары бирөөнү чукулаганды жактырбай турганын айтып, коррупцияга аралашкан жетекчилердин жоопкерчилиги анда кантип каралышы керек деген суроону жоопсуз калтырды.

Опера жана балет театрынын башкы директору Болот Осмонов анын соттуулугу эбак эле жоюлганын мындайча белгиледи:

- Мунун бардыгы тең калп. Анткени менин колумда Жогорку Соттун Осмонов соттолгон эмес деген документи турат. Аны дагы мен текшерип келгендерге көрсөтө берип тажадым. Мени тээ Акаевдин учурунан бери эле мына ошол адамдар ар кайсыл жакка ар кандай ушактар аркылуу жазып келе жатат. Ушул күнгө чейин бири дагы далилденген жок. Бул жолу дагы толгон-токой текшерүү болду. Бирок эч нерсе чыккан жок.

Учурда 2016-жылдын февраль айындагы аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча иликтөө материалдарын Финполиция шаардык прокуратурага өткөрүп бергени белгилүү болду. Бишкек шаардык прокуратурасы болсо аны иликтеп чыгып, укуктук баа берүү үчүн кайрадан эле Свердлов райондук прокуратурасына жибергени айтылды. Ошол эле кезде өкмөттүк комиссия ишин жыйынтыктап, бирок президенттик аппараттын көрсөтмөсү боюнча иликтөө иштерин кайра башка өңүттө уланта турганы боюнча комиссиянын катчылыгынан кабарлашты.

XS
SM
MD
LG