Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:57

Йемендеги жардыруу үчүн ИМ жоопкерчилик алды


Мукалла шаары жардыруудан кийин.
Мукалла шаары жардыруудан кийин.

Йемендин Мукалла шаарында жекшемби күнкү жардыруудан мерт кеткендердин саны 31ге жетип, кеминде 60 адам жараат алды. Каза тапкандардын баары полициянын курсанттары экени кабарланды. Жардырууга “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу тийиштүү экени маалымдалууда.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун “Амак” деп аталган онлайн жаңылыктар агенттигинде өзүн жардырган адам “шейит” болгону айтылды. Жанкечти бомба байланган белкур менен барып өзүн-өзү жардырган.

Мукалла шаары көптөн бери “Ал-Каида” тобунун согушкерлеринин борборуна айланган. Быйыл апрелде Йемен өкмөтү Бириккен Араб эмирлигинин жардамы менен калаадан жоочуларды сүрүп чыгарган болчу.

XS
SM
MD
LG