Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Алай менен Кара-Кулжада сел жүрдү


Айрым райондордо сел жүрдү.
Айрым райондордо сел жүрдү.

Өткөн түнү Ош облусунун Алай жана Кара-Кулжа райондорунун айрым айылдарында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Алайдын Тогуз-Булак айылында ички чарбалык көпүрөнү сел алып кеткен, Мурдаш айылында буга чейин жылган жер көчкү үстүнөн кайрадан жаракалар пайда болгон.

Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там автожолунун 40-120-чакырымдарында таш кулап түшкөн.

Кара-Кулжа районунда Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу автожолунун айрым жерлерине сел агындылары түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Ылай-Талаа - Гүлчө ички чарбалык жолуна да сел агындылары түшкөн. (RK)

XS
SM
MD
LG