Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:59

Укук коргоочулар ар-намысын сотто коргойт


Укук коргоочулар Азиза Абдирасулова, Төлөкан Исмаилова жана жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Ак үй алдында акция өткөрүүдө. 16-май, 2016-жыл, Бишкек.
Укук коргоочулар Азиза Абдирасулова, Төлөкан Исмаилова жана жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Ак үй алдында акция өткөрүүдө. 16-май, 2016-жыл, Бишкек.

Укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөкан Исмаилова президентти сотко берди. Алар ар бири өзүнчө арыз жазып, 18-майда Биринчи май райондук сотуна кайрылышкан.

Укук коргоочулардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу алардын дарегине коомчулуктагы айрым адамдар тарабынан сын-пикирлер мурда да айтылып келген.

Төрт миллион сомдук доо

Азиза Абдирасулова менен Төлөкан Исмаилова 14-майда президент өз сөзүндө алардын ар-намысына жана кадыр-баркына доо кетиргенин белгилешүүдө. Бул үчүн моралдык чыгым катары ар бирине эки миллион сомдон төлөтүп берүүнү соттон талап кылышмакчы. Мындан тышкары арызда президент алар тууралуу айткан сөзүн расмий түрдө төгүндөөгө тийиштигин да белгилешкен.

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча арыздарды Биринчи Май райондук соту кабыл алды, бирок азырынча териштирүү датасы белгилене элек.

Укук коргоочулар эгер Кыргызстандын соту алардын арызын канааттандырбаса, Улуттар Уюмуна чейин кайрылышарын билдиришүүдө.

Абдирасулова менен Исмаилова ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун укук коргоочулардын укугун коргоо бөлүмүнөн да жардам сурашууда. Бул тууралуу “Бир дүйнө Кыргызстан” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова журналисттерге билдирди:

Укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулова
Укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулова

- Биз БУУнун укук коргоочулардын укугу тууралуу декларациясына таянып, комитетке да кайрылдык. Ал декларацияда дүйнө жүзүндө иштеген укук коргоочуларга берилген макам бар. Ошонун жоболоруна ылайык, президенттин биздин кадыр-баркыбызга доо кетирген сөздөрүн келтирип, комитетке да кайрылдык. Учурда биздин кайрылуубуз карала баштады.

Укук коргоочулардын президентти сотко берүүсүнө 14-майда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Энелер күнүнө карата куттуктоо айтып жатып "Элдик парламенттин" мүчөлөрүн "туруктуулукту бузгусу келген эл бузарлар" деп, ал эми алардын жыйынына катышкан эки укук коргоочуну "алган грантын актагысы келген бейөкмөтчүлөр" деп атаганы себеп болууда. Атамбаев бул сөзүн укук коргоочулардын "Элдик парламент" оппозициялык уюмунун жыйынына катышканын белгилеп айткан болчу.

Абдирасулова менен Исмаилова болсо ал жыйынга мониторинг жүргүзүү үчүн катышканын, мындай ишмердүүлүгүн буга чейинки эки бийликтин тушунда да жүргүзүп келгенин жана уланта берерин айтууда. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун башчысы Азиза Абдирасулова “Элдик парламент” бирикмесин жактабасын билдирди:

- Мен “Элдик парламенттин” пикирин жактабайм. Мен мыйзамды сыйлаган, 2005-2010-жылкы бийликтин кандуу жол менен алмашканынын жыйынтыгын көргөн адам катары мындай күч колдонуп бийлик алмаштырууга каршымын. Кыргызстанда бийликти мыйзамдуу алмаштыруу тажрыйбасына жетишүүбүз керек.

Демократиянын түркүгү

16-майда президенттик аппараттын диний саясат, коомчулук менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева маалымат каражаттарына кээ бир бейөкмөт уюмдардын башчылары андай жыйынга катышууну мурдатан ойлонсо болмок деп билдирген. Карыбаева ошондой эле “Элдик парламент” бирикмесинин жыйынына катышкан укук коргоочулар Кыргызстандагы жарандык коомдун аброюн түшүрдү деп айткан.

Бирок ошентсе да, аталган укук коргоочуларды Кыргызстандагы жарандык коомдун түптөлүп, өнүгүүсүнө чоң салым кошкон деген пикирлер басымдуу. Алардын өлкөдөгү демократиялык жараяндын өнүгүүсүнө да эмгеги зор экенин “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров белгилейт:

- Укук коргоочулар кайсы жерде митинг болобу, жыйын болобу, барат. Кезинде Акаевге каршы митингдерге, Бакиевдерге каршы митингдерге да барып жүрүшкөн. Эртең мен бийликке келсем, мага деле каршы митингдерге катышат. Анткени, бийлик деген чоң машина, аны ашкере кадам таштатпай токтотуп туруу – жарандык коомдун иши. Мен айтаар элем, Атамбаев кечирим сурашы керек. Анткени, алар эмнеге ыйлап жатышат, “Энелер күнүндө неге биздин абийирибизди тебелейт, биз да энебиз” дешүүдө. Эки тарап тең өздөрүн кармап, кечирим сурашы керек.

Укук коргоочулар 16-майда президенттин сөзүнө нааразылыгын билдирип, Ак үйдүн алдына митингге чыгышкан. Бирок аларга парламенттин депутаты, мурдагы укук коргоочу Чолпон Жакуповадан башка бир да бийлик өкүлү чыгып, жолуккан эмес.

Укук коргоочулардын акциясы. 16-май, 2016-жыл
"Президентти сотко беребиз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:37 0:00

Кыргызстандык укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөкан Исмаилова 2010-жылкы июнь коогасында да бийликти тергөөнү бейтарап жүргүзүүгө чакырышкан. Коогалаңда киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүр бою абакка кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровду “саясий туткун” деп атап, аны камактан бошотууну да талап кылып келишүүдө. Бул аракеттери үчүн Абдирасулова менен Исмаилованы “эл бузар” атап, жактырбагандар да болгон. Жаш активист Сонунбек Жунусбаев укук коргоочулар айрым учурларда бир жактуулукка жол берет деп, сынга алды:

- Булар Аскаровдун укугун коргоп келе жатышат. Бирок сот, прокуратура деле жок жерден кишини камап жибербейт да. Мындан тышкары Азимжан Аскаров катыштыгы бар делген иште набыт болгон милициянын үй-бүлөсү деле бар да. Алардын укугун да коргоо керек. Укук коргоочулар жабырлануучу тараптын үнүн алып чыгышканын укканым жок.

“Бир дүйнө Кыргызстан” коомдук уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова менен “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова 2000-жылдардан бери адам укуктарын коргоп келишет. Алар жетектеген уюмдар акыркы он жыл аралыгынан бери негизинен жабык жайда кармалгандардын укугун коргоо, кыйноолорго каршы багытталган.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюму сегиз жылда күнөөсүз камалган тогуз кишинин акталып, камактан чыгуусуна жардам бергени айтылууда. Алардын бири күнөөсү жок туруп, өмүр бою абакка кесилген адам болгон.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG