Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:18

Британияда акыркы тамеки фабрикасы ишин токтотту


Англиядагы Ноттингем графтыгында иштеген Imperial Tobacco ишканасы бир нече ай мурун сатыкка коюлган. Бул ишкана өзүнүн заводдорун башка өлкөлөргө которгонуна байланыштуу болгону айтылууда. Компаниянын өкүлү өндүрүштү Германияга жана Польшага которуу тамеки сатуудан түшкөн пайданы көбөйтөрүн билдирген.

Өндүрүш гүлдөп турган учурларда Imperial Tobacco компаниясы жылына 52 млрд даана сигарет чыгарчу. Бирок акыркы жылдары Британияда тамекиге суроо-талаптын азайганы заводдун өндүрүшүнө терс таасирин тийгизген. Ушундан улам компания тамеки тартууга көп каршы болбогон азия базарларына багыт алмакчы. Ишкананын кесиптик кошуунунун төрагасы Крим Нидхэмдин айтуусунда, эми Imperial Tobacco Ирак, Орусия, Кытай жана Сириянын базарларын көздөп турат.

Imperial Tobacco Group – дүйнөдөгү тамеки иштетүү боюнча төртүнчү орунда турган ишкана.

XS
SM
MD
LG